Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясы 26-февралда “Кен казуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси - жолдоочу статусун алгандан кийинки фаза II” долбоорун ишке ашырууга грант алуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам доолборун 3-окууда карады.
Маалыматка таянсак, Дүйнөлүк банк кен казуу тармагынын ишин ачык алып баруусун камсыз кылуу багытында 300 миң доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Каражат 4 багытка: жаңы жабдууларды сатып алууга, адистерди окутууга, отчётторду даярдоого, алардын жарыяланышын жакшыртууга жумшалмакчы. Программа кен казуу тармагында иштеген трансулуттук компаниялардын ишин ачыктоо, экологиялык зыян келтирүү иштерине бөгөт коюу максатында иштелип чыкканы айтылды.
Долбоордо аталган иштерге жергиликтүү консультанттар тартылары жана анын процедурасы белгилүү болду. Депутаттар коомчулукка бериле турган маалыматтарда экологиялык коопсуздуктун сакталышы, кен иштеткен жерлердин рекультивацияланышы жана ага каралган каражаттын көлөмү боюнча маалыматтар сөзсүз болушу зарылдыгын белгилешти.