Орусияга кошулуу тууралуу тамашасы үчүн Латвиянын жараны эркинен ажыратылды

Латвиянын жашоочусу Максим Коптелов өлкөсүнүн Орусияга кошулушу боюнча кол топтоо уюштурганы үчүн 6 айга эркинен ажыратылды. Чет элдик маалымат булактары 26-февралда жазышкандай, сот документтин аягындагы атайын түшүндүрмөнү караган жок. Ал түшүндүрмөдө: "Чынында, бул документтин эч кандай күчү жок жана жөн эле тамаша. Эгерде кимдир бирөөнүн юмордук сезими жакшы өрчүбөй калса, ал адамга өтө кайгырабыз",- деп айтылган.

Белгилей кетсек, Коптелов 2014-жылдын мартында сайт аркылуу кол топтоону баштап, петицияны колдогондордун саны быйыл 26-февралга карата 7340 адамды түзгөнү айтылды. Латвиянын укук коргоо органдары документти иликтеп, "анда мамлекеттин көз карандысыздыгын жоюуга чакырык бар" деген жыйынтык чыгарган. Коптелов 2015-жылдын февралында кармалып, кылмыш иши ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан