Парламенттин Бюджет жана финансы комитети 29-февралда республикадагы энергетика компаниялары тарабынан бюджеттен жана чет өлкөлүк карыздан алынган акчалардын пайдаланылышы жөнүндө маалымат укту.
Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын директору Айбек Калиевдин айтымында, 2016-жылдын 1-январына карата өлкөнүн энергетикалык компанияларына республикалык бюджеттен 90 миллиард 244 миллион сом насыя жана ссудалар берилип, анын ичинде 7 миллиард 619 миллион сом бюджетке кайра кайтарылган. Жалпы карыздын калдыгы 87 миллиард 729 миллион сом экени айтылды.
“Кыргызстан улуттук электр станциялары” ишканасы 50 миллиард 866 миллион сом, “Электр станциялары” ишканасы 32 миллиард 939 миллион сом, “Түндүк электр” ишканасы 2 миллиард сом, “Чыгыш электр” ишканасы 244 миллион сом, “Жалал-Абад электр” ишканасы 513 миллион сом, “Ош электр” ишканасы 735 миллион сом карыз. Калиев тармактагы ички жана тышкы карыздарды жабуу максатында бюджеттен дагы 500 миллион сом бөлүп берүүнү өтүндү.
Ал эми Эсептөө палатасы энергетика тармагына берилген каражаттар, бюджеттик насыя менен ссудалар натыйжалуу пайдаланылбаганын билдирүүдө. Жыйында компаниялардын ишине көзөмөлдү күчөтүү, тармактын менеджментин жакшыртуу пикирлери айтылды.