Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинде 29-февралда Социалдык фонддун каражаттарын башкаруу процессин жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору каралды.
Маалыматка таянсак, Социалдык фонд 2015-жылдын 31-декабрына чейин камсыздандырылган жарандардын пенсиялык топтоо каражаттарына ишенимдүү башкарууну ишке ашыруу менен аны мамлекеттик баалуу кагаздарга жана коммерциялык банктардын депозиттерине инвестициялоо демилгесин көтөрүүдө. Мындан тышкары жарандардын пенсиясынын топтоо бөлүгүн башкаруу укугун 2017-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө өзүндө калтыруу өтүнүчүн билдирүүдө.
“Социалдык фонд тарабынан пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруунун жыйынтыктары жакшырды: пенсиялык топтоо каражаттарынын орточо кирешелүүлүгү 2010-жылдагы 8,7 пайыздан 2014-жылы 14,9 пайызга чейин көбөйдү. Ошондон улам Мамлекеттик ипотека программасын каржылоо максатында, пенсиянын топтоо бөлүгүнүн 50 пайызын баалуу кагаздарды сатып алууга жумшоо чечимине келдик”,- дейт Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев.