Алмазбек Атамбаев Воркута шаарындагы "Северная" шахтасында болгон кырсыкка байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты

Алмазбек Атамбаев адамдардын өлүмүнө алып келген Орусиянын Воркута шаарындагы "Северная" шахтасында болгон кырсыкка байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

"Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтам",- деп айтылат өлкө башчынын телеграммасында.

Воркута шаарында 25-февралда 780 метр тереңдикте жарылуу болуп, шахта ураган. Андагы 110 адамдын 80ни чыгарылганы менен, каза болгондордун саны 36га жетти. 28-февраль күнү кечинде куткаруу иштери башталган. Кийин дагы бир жарылуу болуп, анын кесепетинен 5 куткаруучу жана 1 тоо жумушчусу көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан