2016-жылдын 1-мартында "Кара-Кече" жана "Миң-Куш" кендерин комплекстүү иштетүү лицензиясы боюнча сынак жарыяланды. Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин билдиришинче, сынактык комиссия жарышка катышуу үчүн төлөнүүчү сумманы 15 миллион сом деп аныктаган. Мындан тышкаркы талаптар геологиялык кыскача маалымат пакети үчүн 2 миллион 300 миң сом, кепилденген мүчө акылыкка 76 миллион сом төлөө экени маалымдалды.
Катышууну каалагандар тийиштүү документтерин 2016-жылдын 15-апрели, саат 15:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча тапшырышы керектиги айтылды: