ЭЛДИК КАБАР: "Чүй облусундагы Новопокровка айылынын башталышында кырсыктар көп болот экен" дейт окурман

Чүй облусундагы Новопокровка айылынын башталышында кырсыктар көп болорун окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу 1-мартта билдирген.

"Менин туугандарым 29-февралда саат 20:30 чамасында Кант-Бишкек унаа жолунда кырсыкка учурашты. Лебединовка айылы бүтүп, Новопокровка айылы башталган жерде көпүрдөгү бордюр үчүн кырсык көп болорун жергиликтүү тургундар айтышкан, себеби ал жерде эч кандай белги жок экен. Тургундардын айтымында, мындай кырсыктар ал жерде бат-бат болуп турат жана аларга бул көрүнүш көнүмүш адатка айланып калган. Унааны автокрандын жардамы менен оңдотууга алып кеттик. Биз ушундай кырсыкка башкалар кабылып, адам өмүрүнө зыян келбесин деген ойдо кайрылып жатабыз. Ошол бордюрду такыр алып салып же ошол жерге жарык менен жол белгилерин орнотуп коюшса жакшы болмок",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Новопокровкадагы кырсык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kgalik
2016-03-02 09:38:50
оа туптуура айткан, маи кызматкерлери оздоруно керек жерге (знак), белги койот мисалы кебирки жерлерге 40 деген белгини оздору учун койуп алат,
+2
incognito1
2016-03-02 09:56:19
Рахмат, элдик кабарга ушундай кабарларды чыгарыш керек, кайдагы банктын жаны-жылдан калган жасалгоолорун жибербей.
+3
incognito1
2016-03-06 18:53:51
Кечээ отуп баратсам знак орнотуп коюшуптур ))). Биздикилер элге жар салып чыкмайын кыймылдашып койбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан