“16 жаштагы кызды зордуктаган эмесмин”,- деп билдирди бүгүн, 2-мартта ишкер Нарынбек Сариев SUPER KG порталына. Ишкер мурунку аялы жалган маалымат таратып жатканын айтууда.
“Ал кыз менен эч кандай байланышым жок. "Кызды зордуктады" деген жалган маалымат тарагандан кийин мен аны көргөн эмесмин. Анара Сариева кыздын апасын коркутуп, "кызымды зордуктады" деп арыз жаздырткан”,- деп билдирди Сариев.
“Менин аялым Анара Сариева психикалык жактан оорукчан. 2012-жылдан бери мүлктү өзүнө жаздырып алуу үчүн мени өлтүрүү аракеттерин кылып келет. Киши жалдап мени автоунаа менен сүздүрткөнү үчүн “киши өлтүрүүгө аракет кылды” деген берене менен ага кылмыш иши козголгон. “Шантаж кылуу менен ири суммада акча талап кылды” деп да иш ачылган. "Анаранын наамына мүлкүңөрдүн баарын жаздырасыңар" деген коркутуулар менен мага абакта отургандар чалышкан. Сүйлөшүүлөрдүн жазуулары менде сакталуу”,- дейт Сариев.
Ишкер жубайын сейфтен үйдөгү болгон документтердин баарын алып кеткени үчүн да айыптап жатат.
“Документтерди алып кеткени боюнча Октябрь РИИБине арыз менен кайрылгам. Анара белгисиз бир эркек кишинин коштоосунда үйгө кирип, сейфтин ичиндеги документтердин баарын алып кетиптир. Документтерди алып кетип жатканын мага үйдү кайтарган кызматкер билдирген, бирок биз жеткенге чейин алар кетип калышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгону турат, бирок Анара тергөөчү менен кезигүүдөн баш тартып, качып жүрөт”,- деди ишкер.