Алмазбек Атамбаев: "Желегибиз Ала-Тоонун аппак чокулары менен теңдеш желбирей берсин!"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-мартта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады. Кайрылууда булар айтылды:

“Кадырман Кыргыз Республикасынын жарандары!

Бүгүн баарыбыз Мамлекеттик желек күнүн белгилеп жатабыз. Элибиздин өткөн тарыхынын, бүгүнкүсүнүн жана келечегинин символу болгон, улут рухун чагылдырып, баарыбызды мекенчил сезимге бөлөгөн сейрек, касиеттүү күндөр болот. Мамлекеттик желек күнү - ошондой сейрек, улуу учур.

Желегибиздин алдында биз мамлекетибиздин пайдубалын бекемдеп, эл аралык саясий, маданий, спорттук иш-чараларда башкалар менен тең желбиретип келатабыз.

Желегибизди ар дайым кастарлап, сый-урмат көрсөтүү аркылуу биз өз тарыхыбызды, ата-бабалар мурасын, көөнө маданиятыбыз менен салттарыбызды даңазалайбыз. Биздин эркин жана эгемен мамлекетибиздин желеги - тынчтык менен ынтымактын уюткусу, жерибизди мекендеген бардык жарандарды боордош, жердеш, тагдырлаш жана келечекке сапарлаш экенин туюндурган кудурет-күч.

Чейрек кылым мурда эгемендикке ээ болгон Кыргыз Республикасы соңку кезде өз жолун тапты, ар бир жараныбыз өз мамлекети үчүн жоопкерчилик анын да мойнунда экенин сезип, бири-бирибизге эриш-аркак жаркыраган келечекке жол чаап жатабыз. Бир туунун алдында, бир максатты көздөө аркылуу гана биз мекенибиздин, ар бирибиздин турмушубузду жакшырта алабыз.

Быйылкы Тарых жана маданият жылында элибиз кыргыз мамлекеттүүлүгүн дагы бекемдеп, ынтымак-ырашкерлигин дагы арттырат деп ишенем. Кийинки кезде ар кандай ири салтанаттар менен
иш-чараларда биздин желегибиз улам көкөлөп көтөрүлгөн сайын ар бирибиздин жүрөгүбүз сыймыктануу сезимине бөлөнчү болду.

Ардактуу мекендештерим!

Бул улуу күнү бири-бирибизге, мекенибизге асыл тилектерди жолдойлу. Баарыңыздарга чың ден соолук, ачык асман, бакубатчылык каалайм! Мамлекетибиздин келечеги кең болсун, желегибиз Ала-Тоонун аппак чокулары менен теңдеш желбирей берсин!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан