Парламенттин "Кыргызстан" фракциясынын 4-марттагы жыйынында электр берүү системинде техникалык жоготууларды азайтуу маселеси боюнча маалымат угулду.
Улуттук энергохолдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев жылыштар болгонуна карабастан, энергетика тармагындагы техникалык жана коммерциялык жоготуулардын абалы оор бойдон калып жатканын айтты. "Былтыр жалпы өлкө боюнча техникалык жана коммерциялык жоготуулардын көлөмү 15 пайызды түздү. Бул болжол менен 1,5 миллиард сомдун тегерегиндеги каражат",- дейт Калиев. ГЭСтердин агрегаттары менен электр чубалгылары жаңыланса, жоготууларды дагы төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн кошумчалады.
Депутаттар ордо калааны электр энергиясы менен камсыз кылуу жаатында авариялар көбөйүп баратканын айтып, абалды жакшырта алар-албасына кызыгышты. Энергохолдинг жетекчиси Бишкек шаарындагы электр чубалгылары өткөн кылымдын 70-жылдарында тартылганын эске салып, алар азыр жогорку чыңалууну көтөрө албай калганын билдирди.