* Мындан 49 жыл мурун, 1967-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылында туулган. Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумун жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин музыка мугалими адистиги боюнча аяктаган. 1993-жылдан тартып Бишкек шаарындагы Т.Үмөталиев атындагы №67-мектеп-гимназиясында музыка мугалими болуп эмгектенип келет. "Ысык-Ата - Арашан" элдик ансамблинин жана Бишкек мэриясынын алдындагы оркестрдин солисткасы. Сахнага алгач К.Артыковдун "Барам сага" аттуу ыры менен чыккан.
2008-жылы май айында "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамын алган. Ал эми 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Жылдын жаңырыгы" деп табылган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы “Манас” аба майданындагы Транзиттик жүк ташуучу борбордо иштеген АКШнын 200дөй аскер кызматкери кыргыз жеринен чыгып кеткен. Аталган объект Кыргыз Республикасында 2001-жылдын декабрь айында Питер Ганси атындагы борбор деп ачылган. 2009-жылы бул мекеменин аты “Манас” Транзиттик жүк ташуучу борбору деп өзгөртүлгөн. Буга чейин авиабазада АКШнын 1400 аскер кызматкери иштеп келген. Аталган борбор 2014-жылдын июль айынын ортосунда өлкөбүздөн толугу менен чыгарылмак. Борбордун бир бөлүгү Румыниядагы базага көчүрүлсө, калганы Кошмо Штаттарга ташылып кетмекчи болгон.
* Мындан 79 жыл мурун, 1937-жылы Советтер Союзунун Баатыры, биринчи аял-космонавт, генерал-майор, коомдук ишмер Валентина Терешкова Орусиянын Ярославль облусуна караштуу Большое Масленниково кыштагында келгин беларустун үй-бүлөсүндө туулган. 1955-1960-жылдары Ярославль жеңил өнөр жай техникумунда сырттан окуп, 1959-жылдан тартып Валентина Терешкова Ярославлда парашют спорту менен алектене баштаган. Ошол эле учурда текстиль ишканасында жумушчу болуп иштеген. Ал 1962-жылы 12-мартта космонавттыкка талапкер болуп катталат. 1963-жылы 16-июнда Терешкова "Восток-6" кемеси менен космоско аттанып, анын учуу мөөнөтү үч күн-түнгө созулган. Терешкованын шартуу ысымы "Чайка" ("Ак чардак") болгон. Ал 48 жолу Жерди айланып чыккан.
* Мындан 52 жыл мурун, 1964-жылы бокс боюнча Дүйнө чемпиону Кассиус Клей исламды кабыл алып, өзүн Мухаммед Али деп атаган.
Олимпиада чемпиону (1960), профессионалдар арасында 3 жолку Дүйнө чемпиону аталган америкалык мушкер Мухаммед Али 1942-жылы 17-январда АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарында төрөлгөн. 1981-жылы спорттон биротоло кеткенден кийин ал коомдук маселелер менен алек боло баштаган. Легендага айланган Мухаммед Али капыстан Паркинсон илдетине кабылгандыгы аныкталган. Адатта, бул оору адамдарга улгайган курагында келсе, Али 40 жашка чыга элегинде кабылган.
6-мартта Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.