Жердин көркү, үйдүн куту – аялзат!

"Кумтөр" компаниясы: Эрден артык чыккан Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Курманжанды ким билбейт. Азыр да алардын учугун улап, калкка кызмат кылгандар аз эмес. Аялдардын эл аралык күнүн утурлай бул ирет өлкө экономикасын алдыга жылдырууга салымы зор, бирок көшөгө артында калган айымдардын ийгилигин чагылдырууну эп көрдүк...

Билимиң болсо, жерде калбайсың

Мектеп партасында укканын кулак сыртынан кетирбеген Асел Ибраева эки жогорку окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктаган. Учурда аспирантурада окуп жаткан кези. Окуу менен катар 2012-жылдан тарта "Кумтөрдө" эмгектенүүдө. Алгач котормочулукту аркаласа, азыр менеджмент администратору кызматына которулган. Оозеки жана кат жүзүндөгү котормолорду, өндүрүштүк көрсөтмө, нускамаларды түзөтүү менен тогуз күн алектенип, беш күн эс алууга чыгат. Бул учурда апасына жолугуп, андан ары Бишкекке барарын айткан Асел айым: "Окуудагы максатым - техникалык терминдер сөздүгүн түзүү, себеби Кыргыз Республикасында бул тармакта англисче-кыргызча сөздүк жок",- дейт.

Студентинин мындай аракетин Бишкек гуманитардык университетиндеги теория жана практика кафедрасынын жетекчиси Элмира Жумакеева жогору баалайт. Анын жасап жаткан ишин эл агартуучусу илимий чөйрөгө гана эмес, өлкөбүздүн социалдык экономикалык системине кошкон салым деп түшүндүрдү. Ал эми апасы Базаркүл Ибраимова кызынын жакшы жерде иштеп, үйүн толугу менен оңдоп бергенине кубанычта. "Анткени мугалимдик айлыгым эч нерсеге жетпейт эле",- дейт апасы.

Билимдин артынан сая түшүп, ийгиликти багынткан экинчи каарманыбыз Аида Орозбаева "Кумтөрдө" 2014-жылдан бери кадрлар бөлүмүнүн адиси катары иштейт. Техникалык жана экономикалык жогорку билимге ээ айым жумушта эң башкысы тактык экенин айтат. "Аида жумушка жаңы келгенде тартынчаак эле" деп жылмайган "Кумтөрдүн" Балыкчыдагы ашыруу базасынын координатору Жерри Жеймс кесиптеш катары буларга токтолду:

"Азыр ал өзүнө ишенет, тыкылдап баары менен мамилеси жакшы. Жоош, жумшак мүнөз айым 8 айда жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу адис болуп чыга келгенине сыймыктанам. Аида айым "өз жерибизде калып, эл-жерибиз үчүн кызмат кылууга аракеттенүүбүз зарыл" дегендердин катарында. Ал "Коомду ар бир адам түптөйт. Коом ар бир адамдын дүйнө таанымына жана айланасына болгон мамилесинен көз каранды" деген кебин айтып, башкаларды да жаш кезде иштеп калууга үндөйт".

Тоо-кен институтуна тапшырып апасын чочуткан кыз

Мектепти аяктаган соң Тоо-кен институтуна тапшырып апасын нес кылган Жылдыз Эшалиева алтын кенинде 11 жылдан бери иштейт. "Билимдүү жерде калбайт" деп тим болгон апасы эми кызы менен сыймыктанарын айтат. Кесиби геолог айым карьердин кайсы бөлүгүндө кандай кен жана канча көлөмдө экенин аныктоо менен алек. Практикант катары кенге барып, ишке болгон кызыгуусу күч экенин баамдаган жетекчилик аны туруктуу жумушка алган.

Жылдыз айымдын жолдошу Байсалбек Эшалиев өзү да 13 жыл "Кумтөрдө" эмгектенген. Анын айтымында, кенде иштеп беш үй-бүлөнү баккан айымдар да бар. Андыктан жайы-кышы кар каптаган, абасы бийик аймакта эркектер менен тең тайлаша иштеп жүргөн айымдарга болоттой бекем ден соолук тилеп, Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.

"Кумтөрдө" иштеген Аида Орозбаева
"Кумтөрдө" иштеген Асел Ибраева
"Кумтөрдө" иштеген Жылдыз Эшалиева
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан