Жогорку Кеңеште бүгүн, 9-мартта "Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган “Манас” Эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу” долбоору боюнча кыргыз өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, дароо үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Эки тараптуу келишимге ылайык, Япония өкмөтү “Манас” Эл аралык аэропортунун жабдууларын жаңыртуу жана жакшыртуу багытында 1,5 миллиард иена (16 миллион доллар) каражатка 56 техника сатып берүүгө тийиш. Бул долбоор аталган япониялык агенттик тарабынан ишке ашырылат.
“Манас” аэропорту кирешелүү компания экени, бирок кирешесин өлкөдөгү 11 аэробекет менен бөлүшөрү айтылды. Депутаттар келишимди колдой турганын билдиришти.