Парламентте бүгүн, 9-мартта “2009-жылдын 9-июнундагы Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Депутаттар уюмдун Кризиске каршы фондунан азыркы кезге чейин канча каражат алынганына, каржы уюмунун кароосунда кыргыз тараптын канча долбоору турганына кызыгышты. Өкмөт насыяларды үзгүлтүксүз алып, өлкөнүн тышкы карызы өсүп баратканы айтылып, аны төлөө жолдорун кароо да сунушталды.
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, кыргыз мамлекети Кризиске каршы фонддон 200 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алган. Ушул тапта фонддун кароосуна дагы 4 долбоор берилген: Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүнүн кезектеги фазасы, Кочкор-Ата – Арал – Суусамыр альтернативдүү жолу, ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо. Мындан тышкары 20 миллион долларга айыл чарба техникалары алынганы айтылды.
“Насыя негизинен өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу багытында алынууда. Мөөнөтү келген насыялар убагында төлөнүп жатат. Калган насыяларды деле төлөп турууга мүмкүнчүлүк бар”,- деди министр.