2016-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин Кыргыз Республикасынын түндүк жана түштүк аймактарындагы Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Улуттук гвардиянын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын инженердик бөлүкчөлөрүндө талаа чыгуулары жүргүзүлөт.
Башкы штабдан 10-мартта кабарлагандай, талаа чыгууларынын максаты - инженердик бөлүкчөлөрдөгү тапшырманы аткарууга карата таасир берүүчү талаа көнүгүүлөрүн жакшыртуу аркылуу көндүмдөрдү өркүндөтүү.
"Талаа чыгууларынын жүрүшүндө инженердик бөлүкчөлөрдүн өздүк курамы жоопкерчиликтүү тиешелүү жетекчиликтин көзөмөлүндө практикалык сабактарды өткөрүшүп, сабак инженердик даярдыктын башкы багыттары боюнча жүргүзүлөт. Ошондой эле инженердик аскерлер арасындагы "Мыкты офицер", "Топтун мыкты командири" жана "Мыкты сапёр" наамын утуп алууга карата сынактар уюштурулат",- деп билдирди мекеме.