Аскар Шакиров көчөсүндөгү аялдама быйыл оңдолот же жаңысы курулат. Сүйүнбаев жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаарынын Шаар куруу жана муниципалдык менчик ишканасынын бөлүм башчысы жана Жол башкармалыгынын башкы адиси билдирди.
"Жол эрежелери боюнча, унаа жол чыракка 3 метр жетпей токтошу керек. Тиричилик үйүнүн аялдамасынын жанындагы жол чыракка унаа токтоочу сызыгы белгиленбегендиктен, ага 3 метр жетпей токтоо керек. Ошондо жол чырак баарына көрүнөт. Ал эми Ленин көчөсү менен Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги жол чырак эски. Бул жол чыракты жеке көзөмөлгө алабыз",- дейт Жол башкармалыгынын башкы адиси Улук Жаныбеков.
"Аскар Шакиров көчөсүндөгү аялдаманын эскилиги жеткен. Аялдама 2016-жылдын иш планына киргизилди. Быйыл оңдойбуз же жаңы аялдама курабыз",- дейт Шаар куруу жана муниципалдык менчик ишканасынын бөлүм башчысы Алтынбек Шерматов.
Эскерте кетсек, жогорудагы Ош шаарындагы көрүнүштөр тууралуу окурмандар WhatsApp аркылуу билдиришкен.