Президент прокуратура кызматкерлеринин пенсиясын көтөрүүчү мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыздоо жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 4-февралында кабыл алган. Мыйзам башка тартип коргоо органдарынын жана аскер кызматынын кызматкерлерине берилген негиздемелер боюнча пенсияларды дайындоо жолу аркылуу прокуратура органдарынын пенсионерлеринин материалдык абалын жакшыртууну көздөйт. Тагыраак айтканда, эми прокуратура кызматкерлеринин пенсиясы көтөрүлүп, аскер кызматкерлеринин пенсиясына теңелет.

Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирди деп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан