Жогорку Кеңеш 10-мартта "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам кабыл алды.
Өкмөттүн маалыматына караганда, республикалык бюджетке салыктык эмес төлөмдөрдү чегерүү жаатында улуттук мыйзамдардагы бир катар мүчүлүштүктөрдү жоюу милдети турат. Мисалы, пайдалуу кендерди иштетүү лицензияларын кармагандыгы үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине төлөмдөрдүн бир бөлүгү түшөт. Бирок өлкө аймагында айылдар менен шаарлардын аймагына кирбеген да жерлер бар. Азыр андай жерлерге байланыштуу төлөмдөрдү түз эле республикалык бюджетке түшүрүү демилгеси көтөрүлүүдө.
"Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" жободо "эгер лицензияланган аймак же анын бөлүгү айылдык аймактын чегине кирбесе, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдөр республикалык бюджетке багыттала тургандыгы" белгиленген. Бирок "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" мыйзамда бул ченем жазылган эмес. Ошондуктан ал мыйзам жогорудагы жобого шайкеш келтирилгени айтылды.