АКШнын президенти Барак Обама америкалык "Атлантик" басылмасына маек куруп, саясатка байланышкан суроолордун биринде Орусиянын президенти Владимир Путинге баа берди.
Обаманын ою боюнча, В.Путиндин тышкы саясаттагы аракеттери үчүн орусиялыктар ири чыгым тартышты. Бирок ал Путинди “жагымсыз жана орой” адам катары эсептебей турганын билдирди. “Чын-чынына келгенде, Путин бардык жолугушууларда өтө сылык жана ачык-айрым мүнөзү менен айырмаланат. Ал көп эле жолу башкаларды эки саат күттүрүп койсо, мага эч качан андай мамиле жасаган эмес”,- деди Обама.
Обаманын баамында, Путин АКШ менен болгон мамилени өтө олуттуу деп эсептейт.
“Ал дайыма биз менен тең даражада болууга кызыкдар. Чындыгында, Путин акылсыз эмес. Ал Орусиянын дүйнөдөгү позициясы алсырап баратканын түшүнүп турат. Крымды басып алышы же Асадды колдошу аны маанилүү оюнчу кыла койбойт”,- деди АКШнын президенти.