Тазалоону алгач Келдибековдон баштоо керекпи?

Оппозиция демилге көтөрүп, 24-мартта Жалал-Абад шаарында элдик курултай болуп өттү. Ага ЖКнын депутаттары Ахматбек Келдибеков, Равшан Жээнбеков, саясий ишмерлер Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов катышып, сөз сүйлөштү. Азыркы бийликти сынга алган оппозиция өкүлдөрү соңунда бир нече талаптардан турган чечим кабыл алышып таркашты. "Кумтөр" алтын кенине, абакта жаткан "ата журтчу" 3 депутатка байланыштуу жана дагы бир нече талаптардын катарында "өкмөт элдин байлыгынын тонолушуна, кыргыз жеринин бүтүндүгүнүн бузулушуна, саясий куугунтуктардын жүргүзүлүшүнө, шайлоолордун бурмаланышына түздөн-түз же кыйыр салым кошкон мурдагы эски бийликтин адамдарынан тазалансын" деген талап турат. Туура айтышат, коомубуз да, бийлик да ушундай журт бузарлардан тазаланышы керек. Бирок бизди ушул талапты көтөрүп чыккандар таң калтырды. Эске салсак, Курманбек Бакиевдин тушунда Адахан Мадумаров жетектеген парламенттеги "Ак жол" партиясы Кыргызстандын Каркыра жайлоосун казактарга пайдаланууга берген. Кыргызстандын бүтүндүгүн бузуп, жерин башка өлкөгө беришкен. "Элдин байлыгынын тонолушуна түз же кыйыр салымы барлардан бийлик тазалансын" деген талап коюлду. Бул талап окулуп жатканда Ахматбек Келдибеков баш ийкеп турду. Анын өмүрү расмий түрдө бизнес менен алектенбей, дайыма мамлекеттик кызматта жүрүп эле кандай байлык чогулткандыгы тууралуу маалыматтар ММКларда байма-бай айтылып, жазылып, сындалып да жүрөт. Анан кантип ошондой адам жогоруда айтылгандай талапты коюшу мүмкүн? Тазаланууну дал ошондой адамдардан баштоо керек эмеспи? Ал эми серепчилер кандай пикирде?

 

Жалал-Абаддагы курултайда "өкмөт элдин байлыгынын тонолушуна түздөн-түз же кыйыр түрдө тиешеси бар адамдардан тазалансын" деген талап коюлду. Мындай талап коюуга Бекназаров, Келдибеков, Мадумаров же Жээнбековдун моралдык укугу барбы?   

 

Табылды Акеров, серепчи:

- Мен курултайда кабыл алынган резолюцияны окуп чыктым. Чынында, бири-бирине карама-каршы келген учурлар бар. Мисалы, "өкмөт Акаев менен Бакиевдин учурунда иштегендерди кызматтан алсын" деген талап коюшууда. Карап көрсөңүз, өздөрү ошол учурда бийликте турган аткаминерлер. Бекназаров Бакиевдин тушунда Башкы прокурор болгон, Келдибеков да жогорку үлкөн кызматтарда жүргөн, Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Ал эми Равшан Жээнбеков болсо Акаевдин учурунда бийик кызматты ээлеп тургандардын бири. Айтор, өздөрүнө ылайыксыз талапты коюп алышты. Бир сөз менен айтканда, булардын өкмөткө азыркыдай талап койгонго моралдык укугу жок.

 

 

Төрөбай Зулпукаров, ЖКда вице-спикер:

 

- "Мурунку бийликтин тушунда иштеген адамдарды кызматка албоо керек" деген сөз - саясат. Мунун артында эмне жатканын да терең ойлонуу керек. Акаев менен Бакиевдин бийлиги тушунда иштеген мыкты, кесипкөй, кыргыздын таламын талашкан кадрлар болгон. Аларды эмне үчүн бүгүн куугунтуктап, жок жерден айыпташыбыз керек? Ал эми мурунку бийликтин учурунда ашкере кошоматчылык кылып, жапакечтенип жүргөн саясатчыларды да коомчулук жакшы билет. Азыркы өкмөткө талап коюп жаткан адамдардын өздөрү ошол бийликтин учурунда иштеп жүргөнү белгилүү. Демек, алардын мындай талап койгонго моралдык укугу жок. 

 

 

Бактыбек Калмаматов, ЖКнын депутаты:

 - Мен буга чейин эле айтып келгем, "бүгүнкү бийликти кетирип, ордуна өзүбүз келебиз" дегендер өздөрүнүн моралдык укугу тууралуу терең ойлонуп алышы керек. Өкмөттүн курамына эски бийликтин тушундагы адамдар келип калды деп жаткандар, азыркы өкмөттө иштеп жаткандарга караганда учурунда Акаев менен Бакиевдин эң жакын адамдары болушкан. Бүгүн өздөрүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрүп кыйкырып жаткандарын мен көзү каныккан, мыкты саясатчылардын иш-аракети деп эсептебейм. Мына, алар айтып жатышат "элдик бийлик орнотобуз" деп. Алар эңсеп, көксөп жаткан элдик бийлик учурда иштеп жатат. Өлкө парламенттик башкарууда, парламентти эл шайлаган. Парламенттин ишине үстүртөн көз салып турган президентти да эл шайлаган. Алардын кайсы элдик бийликти айтып жатканын мен түшүнгөн жокмун.

 

Кубан Абдымен, серепчи:

 - Албетте, моралдык укуктары жок, алар өздөрү кайсы замандын саясатчылары? Тазалануу баарына бирдей болушу керек, андайда өздөрү кантет? 2005-жылдагы революциядан кийин 5 жыл унчукпай отурушту дагы, эми 3 жылга чыдай албай жатышат. Мындай кадам керек болсо, анда люстрация мыйзамын кабыл алып, эски бийлик менен байланышы бар адамдардын баарына кандайдыр бир мөөнөткө чейин мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салуу керек. Негизи, курултайдын өтүшүнүн өзү азыркы учурда кереги жок нерсе. Эгер өнүгөбүз десек, бийликке убакыт бериш керек. Көнүмүш болуп бүттү, бирок ушул "убакыт берүү керек" деген сөздү айтууга туура келүүдө. Бийликтин ишинин жыйынтыгын кийинки шайлоодо аныктап, эгер татыктуу эмес болсо эл шайлабай койсун. Эгер күтпөйбүз десек, анда революциядан башыбыз чыкпай жүрө беребиз. Өнүгүү, өсүү деген болбойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан