Cоциалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев 11-мартта Дүйнөлүк банктын кыргыз өлкөсүндөгү кеңсесинин башчысы Жан Мишель Хаппи менен “Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо” долбоорунун алкагындагы 2016-жылкы кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулады.
Министрликтин аталган долбоордун алкагындагы 3 багыт боюнча ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Биринчиси – майыптыкты аныктоо системин реформалоо, экинчиси – өлкөдө социалдык тейлөө алуучулардын бирдиктүү маалымат базасын түзүү. Үчүнчүсү – жөлөк пул төлөөнүн даректүүлүгүн жакшыртуу.
Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруунун түрдүү механизмдери тууралуу да пикир алышты. Алардын бири катары муктаж адамдардын өздөрү иштеп каражат табуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүү ыкмасы аталды.