Президент келерки митингдер боюнча: "Өлкөдө төңкөрүштү каалагандар - эл бузарлар, элдин душмандары"

Бүгүн, 12-мартта Бишкектеги Ботаникалык сейил багында президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге келерки митингдер тууралуу оюн айтты.

"Биз акырындан башка укуктук мамлекет болуп баратабыз. Мисалы, Германияда эң күчтүү партиялар парламентте отурушат. Алар чогулуп, коалиция түзүп, чогуу иштеп жатышат. Германияда көчөдө эч ким кыйкырбайт. Ошондуктан бизде да оппозиция, пропозиция биригип иштегени жакшы. Албетте, мамлекетибизде кемчиликтер бар. Кемчиликтерди айтышыбыз керек, бирок чогулуп туруп төңкөрүш кылам дегендер алар оппозиция эмес, алар - эл бузарлар, элдин душмандары. Алардын максаты бир - чөнтөктөрүн толтуруу. Кыйкыргандарды карагыла, аркасында эмне бар? Аркасында жалаң уурулук бар",-деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан