Баткен шаарынын суу менен камсыз кылуу тутумун жакшыртууга европалык банк 5 миллион евро бөлүп берет

Баткен шаарынын суу менен камсыз кылуу тутумун жакшыртуу багытында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 5 миллион евро бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Баткен шаарынын суу менен жабдуу тутумун куруу адегенде 1955-жылы башталып, калктын өсүшүнө байланыштуу 1960-1970-жылдары кайрадан кеңейтилген. Бирок суу түтүктөрдүн жана саркынды суу түтүктөрүнүн эскирүүсүнө байланыштуу, Баткен шаарынын суу менен камсыз кылуу тутуму калыбына келтирүүгө муктаж.

"Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы келишимге ылайык, Баткен шаарынын суу тутумун жакшыртуу багытында аталган банк тарабынан 5,020 миллион евро каражат каралууда, анын ичинде: 1,5 миллион евро - насыялык каражат, 2,5 миллион евро - инвестициялык грант, 1,020 миллион евро - грант түрүндө долбоорду ишке ашырууга техникалык колдоо. Насыянын мөөнөтү 1 пайыздык үстөгү менен 15 жыл, 3 жылдык жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан