Бүгүн, 16-мартта Чехиянын парламентинин төрагасы Ян Гамачек жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков орусиялык күчтөрдүн Сириядан кетиши тууралуу өз ойлорун айтышты.
"Биз баарыбыз макул болсок керек: Сириядагы конфликтти чечүү жолу – бул тынчтык жолу жана келишимдерге келүү. Эгер Орусия бул аймактагы өз аскерлеринин санын азайтууну чечсе, анда бул, албетте, туруктуулукка багытталган кадам. Эми бул кадамдан кийин орус тарап башка кадамдарды жасашы керек: тынчтыкты сактоо, макулдашууга ниеттенүү",- деди Гамачек.
Асылбек Жээнбеков өз кезегинде орусиялык күчтөрдү Сириядан чыгаруу боюнча чечимди колдогонун билдирди. "Ар бир кагылышуу сүйлөшүү менен аяктайт. Канчалык сүйлөшүүлөр тез бүтсө, дүйнөгө ошончолук жакшы болот. Биз билгендей, Сирияда учурда ок атышууну токтотуу боюнча жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Эгер Орусия өзүнүн аскердик күчтөрүн чыгаруу боюнча чечимге келсе, анда Сирияда абал жөнгө салына баштаптыр десек болот",- деди Жээнбеков.
Эскерте кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин 15-марттан тарта Сириядан негизги күчтөрдү чыгарууга буйрук берген.