Оштогу суу кампа Керме-Тоо, Ак-Тилек, Жапалак аймактарын таза суу менен камсыздайт

Оштогу суу кампа Керме-Тоо, Ак-Тилек, Жапалак аймактарын таза суу менен камсыздайт. Бул тууралуу суу кампанын бүгүнкү ачылышында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев айтты.

"2014-жылы ушул багытта 23 миллион АКШ доллары жумшалган. Ушул жылдын аягына чейин таза суу маселеси толугу менен чечилет. Жаан жаайбы, кар жаайбы, таза суу үзгүлтүксүз берилет. Эгер мурда жаан жааганда 2-3 күндөп суу токтоп калса, мына ушул иш-чаралар бүткөндө таза суу көйгөйү болбойт. Бул суу кампа Керме-Тоо, Ак-Тилек, Жапалак аймактык кеңештерин таза суу менен камсыздайт. Келечекте Кең-Сай массивине да ушул суу кампаларынан таза суу жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Жалпысынан суу кампага кеткен акчанын көлөмү сметалык баасы боюнча 68 миллионду түзөт, ал эми тендердик баасы 48 миллионго барабар",- дейт Кадырбаев.

Маалыматка ылайык, бул суу кампанын кубаттуулугу 6000 куб метрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан