Баткен облусунун Кадамжай районунда автобус 9 жаштагы баланы сүзүп кетип, ал каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалым болгондой, жол кырсыгы 16-март күнү 14:30 чамасында Кадамжай-Айдаркен унаа жолунда катталган. Анда Изус 37 үлгүсүндөгү автобусту башкарган К.Равшанжан аттуу айдоочу 9 жаштагы Орозбеков айылынан Элдар С. аттуу баланы сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам бала окуя болгон жерден каза тапкан. Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Каза болгон бала Охна айылынын 2-классынын окуучусу экени маалым. Учурда кылмышка шектүү өзбек жараны убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, иликтөө иштери жүрүүдө.