Бүгүн, 17-март. Өлкөнүн коомдук, саясий турмушунда бир катар окуялар болду. Мамлекет жетекчилигинин кадамдары, өлкө борборунда жана аймактарда орун алган иш-чаралар... Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Республикада бүгүн 2002-жылкы Аксы окуясы, каргашада курман болгон баатырлар эскерилди. Бишкекте жана Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында баатырлардын урматына тургузулган монументтерге гүлчамбар коюлуп, маркумдарга багышталып куран окулду. Президент Алмазбек Атамбаев кандуу окуя болгон жерден жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аксылыктардын эрдиги өлкө тарыхында жазылып каларын, окуянын мамлекеттин тагдырына тийгизген таасирин тизмектеди...
Албетте, эрдик дайым эскерилүүгө, даңкталууга тийиш, бирок негизги суроо 14 жылдан бери жоопсуз калууда. "Аксыда элди атууга буйрук бергендер булар..." деп фамилиялары бүтүндөй өлкөгө жарыяланып, анан түрмөгө отургузулчу адамдар табылбаган бойдон калды. "Аткандар жооп берсин!" Ошол алааматта жердешин, жолдошун, атасын же агасын жоготкон аксылыктардын жалгыз тилегени ушул болчу. Бирок карапайым элдин түшүнүгү жеткен-жетпеген аргументтер айтылып, жыл өткөн сайын окуянын актуалдуулугу жоголууда.
Аксы окуясы – бир депутаттын тагдырына гана тийиштүү маселе эмес. Бул – кыргыз өлкөсүндөгү авторитардык режимдин кулашы, өлкөнүн бүтүндүгү, эркиндик үчүн болгон курч мүнөздүү күрөштүн башаты. Эркиндикти сүйгөн кыргыз эли муну унутпоого тийиш.
Кыргыз мамлекети бактылуулук рейтингинде Бириккен Улуттар Уюму жана АКШнын Колумбия университетинин адистери тарабынан жарыяланган бактылуулук индексинде 85-орунду ээледи.
Салыштырып караганда бул укмуш же "иттей жаман" көрсөткүч эмес. Тажикстан 100-орунда турса, Кытай өлкөбүздөн эки орун алдыда. Ал эми тизмени Сирия жана Африкадагы мамлекеттер жыйынтыктады.
Рейтинг түзүүдө өлкөнүн ички дүң продукциясы, элдин жашоо шарты,
айлана-чөйрөнүн абалына тийиштүү көрсөткүчтөр эске алынат. Өлкөбүздөгү бактылуулук баарынан мурун тынчтыкка негизделсе... Анткени ач курсак бир күнү тоёт, жыртык кийим бүтөлөт, бирок жоголгон тынчтыкты кайтаруу оңойго турбасын биле жүрөлү...
Бүгүн парламентте адаттан тыш көрүнүштү SUPER.KG порталынын журналисти байкап, коомчулукка жарыялады. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын бири уюлдук телефонунан оюн ойноп отурду. Күтүүсүз жерден анын аппаратынан чыккан оюндун музыкасы залдагы депутаттарды алаксытып, артта отурган журналисттерге чейин 1 мүнөттөй угулуп турган.
Депутаттын мындай жоругуна Жогорку Кеңеш менен таанышууга келген студенттер да күбө болушту. Депутаттардын жыйын залына телефон көтөрүп кирүүсү боюнча төрага Асылбек Жээнбеков буга чейин бир катар эскертүү берген.
Карапайым калк шайлаган депутатынан көйгөй чечүүнү күтүп отурат. Ал эми ишенген кожолор минтип чак түштө, болгондо да иш учурунда "сууга агып" жатышат.
Жогорку Кеңештин 17-марттагы жыйынында депутаттар Москва метросунда эрдик жасаган кыргыз жараны Марат Исаевди парламент сыйлай албай калганын айтышты. "Ага грамота тапшырып, эрдигин даңазалап койсок жакшы болмок. Парламентке чакырып куттуктап коюу керек эле. Бул жаш муун үчүн мыкты үлгү болмок",- деп билдиришти.
Айтылган сөздө калет жок, бирок мындай демилгени неге Марат Исаев өлкөдөн чыгып кете электе көтөрүп чыкпады? Кыргыздын чыгаан уулу мекенине келип бир нече күн туруп, Бишкекте да болуп, жакында кайра Орусиядагы ишине кетти. Эмне үчүн биздин депутаттар түштөн кийин ойгонушту? Марат Исаевге сыйлык берчүлөр орден-медалын эчак тапшырып бүтүштү. Президент Владимир Путин, Москванын мэри баш болуп сыйлап, "азамат" деп колун кысышты. Туура, кыргыздын мыкты уулун сыйлоо тууралуу Жогорку Кеңеште деле өз убагында айтылган, бирок аткарылган жок.
Депутаттардын бүгүнкү сөзү “жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап” же коомчулукка камкор депутат көрүнүү үчүн айтылган жасалма сөз сыяктанып калды...