Депутаттар окуучуларды тамактандырууда жашылча-жемишке басым жасоо зарылдыгын айтышты

Кыргыз жериндеги мектептерде окуучунун бир күндүк тамактануусуна Бишкек шаарында 14 сом, аймактарда 7 сом бөлүнүүдө. Мындай пикирди парламент депутаты Евгения Строкова 17-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү менен жолугушууда айтты. Депутат балдарды тамактандырууда жашылча-жемиштерди көбүрөөк колдонуу зарылдыгын, үйдө күндө окшош тамактануу болгон жагдайлар бар экенин белгилейт.

"Коомдук тамактануучу жайлардын менюларында балыктарды сунуштаган учурлар акырындап көбөйө баштады. Бул жакшы көрүнүш. Чылымдын зыяндуулугу боюнча тамекинин кутуларындагы коркунучтуу сүрөттөр, спирттик ичимдиктердин идиштериндеги эскертүүлөр ден соолукту чыңдоого салымын кошот. Сергек жашоо образын калыптандырууда дене тарбияга басым жасалышы керек”,- дейт Строкова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан