Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев өлкөбүздүн жарандарын Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады.
Өкмөт башчынын куттуктоо сөзү:
“Урматтуу мекендештер!
Баарыңыздарды жандануу менен жаңылануунун, аруулануу менен тазаруунун, кечиримдүүлүк менен сабырдуулуктун майрамы – Нооруз менен чын дилимден куттуктайм!
Эзелтен ата-бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул касиеттүү күндү өзгөчө кастарлап, өзгөчө ыйык тутуп, бири-бирин жаңы күн, тунук пейил, таза ыйман менен куттуктап, сүмөлөк кайнатып, таттуу тилектерди тилеп келишкен.
Нооруз – бул табияттын жаңылануусу. Жер кулпуруп, жаз келген улуу майрам. Нооруз – адам жан дүйнөсүн тазартууга, жаман адаттан арылууга, адамдарды бири-бирине кечиримдүү болууга, бири-бирин кечире билүүгө үндөгөн майрам.
Жалпы журтубуз Нооруз майрамын белгилеп жатып бири-бирине ак тилек, таза сезимдерин билдирет. Ар бир инсан, ар бир адам өз турмушунда ошол адамдык бакытты каалайт жана тилек кылат. Бул күнү ар бирибиз келечектен жакшы үмүттөрдү тилеп, өлкөбүздө тынчтык, биримдик, бардар жашоо болсун деп жакшы ниетти ыроолойбуз.
Кыргыз мамлекетинин максаты бийик, келечеги кең! Алдыбызда биз ашчу улуу белдер турат, ал үчүн каруубуз бир колдо, күчүбүз бир билекте чогуу болуп, ынтымактын, ырашкерликтин, биримдиктин туусун бийик көтөрүп, элибиз үчүн, жерибиз үчүн, жаркын келечек үчүн талыкпаган эмгек менен бирге баралы! Ар бирибиз коомдогу алган ордубузга, көз карандысыз түрдө жаратман эмгек аркылуу өлкөбүздүн келечеги үчүн салымыбызды кошолу.
Урматтуу мекендештер, дагы бир ирет Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм! Мекенибиз мындан ары карай да өсүп-өнүү жолунда болсун! Тилектер орундалсын, үмүттөр акталсын, таттуу кыялдар турмушка ашсын!"