ЭЛДИК КАБАР. Окурман: "Телефон алдамчы "Арг лотонун" акциясынан үй кинотеатрын уттуңуз!" деди"

Телефон аркылуу алдаган адам "Арг лото" компаниясынан үй кинотеатрын уттуңуз!" деп бирдик салып берүүнү суранганын окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Анын айтымында, алдамчы өзүн Виктор Сергеевич деп тааныштырып, орус тилинде маек жүргүзгөн. "Алдамчы менин номерим бактылуу 10 номердин катарына киргенин айтып, Нооруз майрамына карата жүргүзүлгөн акцияны "Заманадан" көрсөткөнүн маалымдады. Мындан тышкары "бул акция Бишкектин мэриясы тарабынан жүргүзүлүп жатат" деди. Маектин соңунда алдамчы анын телефон номерине 475 бирдик салыш керек экенин айтты",- дейт окурман.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы мэрия Нооруз майрамына карата эч кандай акция өтпөгөнүн жана лотерея ойнотулбаганын SUPER.KG порталына билдирди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Pandora
2016-03-21 14:13:36
Мындай нерсе менде да болгон"дом.кино театрды озуно откоруу учун ушул ном.5 мин ичинде 5000 салышынар керек"-деп,тилекке каргы жанымда болгону 5 сом эле бар эле,аны да окуу жайга чейинки жолго иштете турганым эле.)))))
+4
dasta
2016-03-21 14:18:04
Тооба кылдым ей бул емне деген шумдук
+3
aikokul14
2016-03-21 14:19:39
Мага дагы чалган муздаткыч уттун деп,мындай окуялар толтура,уйунун документин алдырып койгондор бар.
+5
take.kg86
2016-03-21 14:22:12
Булар абакта жаткандардын иши, буларга ишенбеш керек
+5
Nurjan15
2016-03-21 14:22:45
мындайлар коп мага да бироо чалып москвадан сага жук келди кнлип алып кеткиле деп кайра кайра чалышкан эртеси чалсак мындай номер жок деп койгон.
+4
Nurjan15
2016-03-21 14:23:32
мындайлар-уйундо олтуруп алып эле акча тапкан бекерчилерго дейм
+3
Svoboda83
2016-03-21 14:51:38
Кобунчо зонадагылар ушундай иш кылышат деп угам
+7
Svoboda83
2016-03-21 15:00:56
Кантип эле сен бир нерсе утуп алсан алар сенин паспорт данныйынды сурайт сураганга акысы жок паспорттун данный керек болсо приз берген жерге барып анан оформить этишет Виктор Сергеевич деген фальшивый окшойт акциентте суйлойтко кыйналып зорго суйлоду!!!!
+2
Siren90
2016-03-21 15:06:35
Менде мындайлар бир эмес, бир нече жолу болгон, аягында өздөрүнө ар кандай суроолорду берип эрмектесең дароо сезет да коюп коёт же сөгүп алат
+2
azik.kdm
2016-03-21 15:24:28
Адамдар кандай болуп баратат а уйдо жатып алып эле акча табуунун амалын издеп. Мындай нерсе мендеда болгон менда салбай койгом апкелгиле анан берем деп
+2
erboenyka
2016-03-21 15:30:38
Мага да чалышкан былтыр,ии макул азыр салам деп коюп,кайра оздоруно башка номер мн чалып "здраствуйте,вы выиграли домашний кинотеатр"десем трубканы коюп салган.
+3
abusait
2016-03-21 15:43:00
Акчасын алдырган адамдар да бар. Ошондуктан булгар дайыма ар турдуу ыкмаларды колдонушат. А милиция буларды издебейт окшойт. Жок легенде элди эскертип турушса болмок мындайлардан.
+2
aikol87
2016-03-21 16:10:14
Апам да ушундай окуяга кабылган.Россиядан сумка келди акча салып алып кетиниз дешиптир.Апам ойлоптур бизди жоноткон окшойт деп,айылда турабыз.Озгондо иштеген эжеме зв кылыптыр ушул номерге акча салып кой россиядан сумка келиптир ,иштен чыгып ала кел деп.Эжем койо турунчу мен зв кылып сурайын деп звонок кылса албай койуптур.
+1
sabyr86
2016-03-22 12:06:45
Бакшы болуп кеткенсиң го,алдын ала кантип жаздырып алдың.
0
alhamdulillah
2016-03-23 08:32:57
Окшотуп койуптурго мен ишенмекмин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан