ЭЛДИК КАБАР: Саунадан качып, 13 күндөн кийин аялдын кийимин кийип алып бараткан жеринен кармалган Азатбек кайсы жерде түнөгөнү белгилүү болду

Бишкектеги саунада күзөтчүлөр менен эс алуу учурунда качып кетип, 13 күндөн кийин, 11-мартта кармалган Азатбек Алымкулов көмүр сатчу жерде түнөгөн. Бул тууралуу окурман тааныш милиция кызматкерлерине шилтеме берүү менен SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, аталган көмүр сатчу жер Туңгуч кичи районунда жолдун четинде жайгашкан.

Эскерте кетсек, А.Алымкулов каракчылык боюнча айыпталып, 26-февраль күнү күзөтчүлөр менен саунада спирттик ичимдиктерди ичип, эс алуу маалында качып кеткен. 11-мартта саат 15:00 чамасында Бишкектин Туңгуч кичи районунда аялдын кийимдерин кийип, боюнда бар сыяктуу кылып курсак чыгарып, бетине медициналык бет кап кийип бара жаткан жеринен кармалган. Сурак учурунда ал буга чейин көчөдө жана көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериштеринде баш калкалап жүргөнүн билдирген.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
rumi04
2016-03-21 15:46:10
Аллахым сактасын бир жакшына еле адам сыяктуу го . Кылган кылыгы айбан дан да беш беттер.
0
abusait
2016-03-21 15:49:22
Кыныр иши кырк кунго жетпей эле билиниптир. Эмне дейбиз милицияга алкыш.!
-1
Musabaeva
2016-03-21 16:10:02
Коз менен корбогондон кийин ишениш кыйын.
0
sveet
2016-03-21 16:21:32
ar kaisyl jerde bomj bolgonchoktu turmodo ele jata berbeibi.
0
esimdesin
2016-03-21 17:28:48
кайсы күзөтчүлөр менен ичет?эмнеге качан деле түшүнсөм буюрбасын
0
dubai
2016-03-22 00:55:50
esimdesin,турмонун кузотчулору менен братанствовать этип жургон,бирге отуруп ичкен,мас кылып аларды качып кеткен .
+1
esimdesin
2016-03-22 10:21:21
dubai,рахмат чоң
0
elya82
2016-03-21 17:51:39
Чын да кайсы кузотчулор менен?тангалыштуу.
0
Siren90
2016-03-22 00:04:50
Окуяны толук кантип билүүгө болот админ, эч эле түшұнгөн жокмун, эмне кылмыш кылды эле?
0
admin_portal
2016-03-22 13:42:47
Siren90, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=kabar&search_term=Азатбек+Алымкулов&x=0&y=0&media_search=1
0
Shamdagai2013
2016-03-22 04:00:53
Тушунуксуз жазып койгонбу,же мен тушунбой калдымбы?Бул бала турмодон качып,изилдоодо жургон бала го!
+2
nurkasym-2014
2016-03-22 07:47:15
Комур саткан жер тааныштары го.
0
sabyr86
2016-03-22 09:33:55
Даагы бир аялдын кууратып кийимин уурдап алса керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан