ЭЛДИК КАБАР. Аксыдагы митинг: Темир Сариев элди бир муштумдай болууга чакырды

Бүгүн, 22-мартта Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кербен шаарында 300гө жакын адам митингге чыкты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Анын айтымында, алар кыргыз-өзбек чек арасы маселесин чечип берүүнү бийликтен талап кылышууда. "Премьер-министр Темир Сариев чыгып, алар менен жолугушуу өткөрүп жатат. Ал суу, чек ара, жол маселелерин чечүүгө убада берди",- дейт окурман.

Мындан тышкары митингде мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров да катышып, элди сабырдуу болууга чакырганын билдирет окурман.

Айта кетсек, бүгүн өкмөт башчы Т.Сариев Аксы районунун тургундары менен жолугушуусунда: "Айрым жалган патриоттор бул кырдаалды өздөрүнүн жеке максаттарына пайдаланууну, элди дүрбөтүүнү көздөөдө. Бирок түшүнүшүбүз керек, мындай жол менен чек ара маселеси чечилбейт",- деген.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Аксыдагы митингде Т.Сариев элди бир муштум болууга чакырды (22.03.16)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Tansuluu09
2016-03-22 12:46:46
1см бербейбиз дейтко... Берип берип кайтарып алыша албаганы учун элдин жини келди... Мейли мейли дешип элдер ун чыкпады Эл эми бул кылганынына да Эл чыдабай чыкты да митингке элдер дагы Кун-До эле митинг болушун каалабайт.. Ушул убака чейин чек ара меселелери чыгып келген ошону
Эртерээк окмот так кылып чечип койгондо мындай болмок эмес
+9
jibew
2016-03-22 12:48:34
Эртен менен вертолёт отту эле Сариев келген турбайбы чалкалап туштон кийин. Мен эгер Сариевдин ордунда болсом (чекара 18-март танкы саат 7-8 дерде тосулган озбек чек арачылары тарабынан) 18-март саат 10 до дал ошол тосулган аймака жетип келмекмин.
+7
azamat.95
2016-03-22 12:49:50
Эмне болот болду экен...
0
Aruwka.89
2016-03-22 12:56:02
Ушу бекназаров суйлобойле койсо болмок, кебетесиле айтып турат Ким екенин
+11
EkaMika
2016-03-22 13:28:44
Aruwka.89,100% туура
+6
Kyialbek.a
2016-03-22 13:17:02
Азике куру убадага эл ишенбей калган Сариев экоон миллионду кымтыгыган аудио запись элдин эсинде азыр экоон тен убара болуп атасын!
+10
saparali96
2016-03-22 13:18:43
Куру убада бере бербей ишке ашыргылачы королу,жок легенде ушу убаданы аткаргылачы айланайындар
0
Nasi1981
2016-03-22 13:34:01
Азимбек Бекназаров жадабадынбы тополон кылгандан. Ушунча жылдан бери эмне иш кылдын эл учун? Оз кызыкчылыгын учун элди курал катары колдонбо. Сенин жузуну эл билет, акча учун саттып аласын 100дой, 200дой адамды саттып аларсын бирок элдин тынчтыгын кайта кайтарып бере албайсын.
+9
briliant87
2016-03-22 13:38:20
Билбейм.
0
SHAHDAR
2016-03-22 13:46:30
Бекназардай куу киши жок экен. Революциянын артына жашынып анык дурболон салган адам ошол. Чыккынчылардын баарын Кыргызстандан чыгарып кетип акча жазаган дагы ошол.
+8
erazamat
2016-03-22 14:18:54
это лохотрон ! Только пустые обещания колунардан эчтемке келбейт 18-март куну чечиле турган маселе болчу элди алдабай эле койгула селерсиз эле чечип алат Кыргыз элим алга
+3
Aidai5555
2016-03-22 14:37:37
Бекназаров айрыкча Аксы элинин алдында өмүрү өткөнчө карыз экенин сезет болду бекен...
+5
aidartegin
2016-03-22 15:34:17
Кимисине жакшылык кылып койдун? Бир Аксылык бечарага адвокаттык кылып укугун коргоп бере алдынбы? Жок сен чонтогу калын Ташиевке, Келдибековко окшогондордун "тыйынын" алып, ошолорду "апапак" деп отурасын уялбастан, андан коро аксакал катары элди ынтымакка чакырсан болбойбу,
+5
chika.chika
2016-03-22 15:36:02
ХХХ тойгозо турган болуштуго.Каяктан жаралып калган булар.
+1
admin_portal
2016-03-22 15:52:46
chika.chika - 15 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
Ago
2016-03-22 15:42:04
Ата бала Бекназаровдор качан жоголот ыя? Жеген ичкен уруштурган уюштурган баштаган акырында куйрукту кыпчып четке чыга качкан.
+4
sabyr86
2016-03-22 18:30:17
Бекназаров жоголсо экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан