Мындан 11 жыл мурун, 2005-жылы 24-мартта өлкөнүн ар бир бурчунан чыккан эл толкуну Бишкекке чогулуп, президент Аскар Акаевдин режими кулатылган.
2005-жылдын февраль айында болгон депутаттык шайлоолор өтө ыплас өтүп, эл колдогон адамдар мамлекеттик машинанын арты менен четке сүрүлүп, депутаттык мандаттарынан ажырашкан. Мындай адилетсиздикке күбө болгон карапайым калк түп-тамыры менен көтөрүлүп, ар бир аймакта нааразычылык акцияларын өткөрө баштаган. Дал ушул күнү аймактардан келген эл Ак үйдүн алдына чогулуп, Аскар Акаев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
24-марттын жылнаамасы.