Алмазбек Атамбаев: "Үңкүр-Тоону берип салгыдай Сариевдин эки башы бар бекен? Эгер тоо берилсе, Сариевдин башы кетет"

"Үңкүр-Тоону берип салгыдай Сариевдин (премьер-министр Темир Сариев - ред.) эки башы бар бекен? Эгер чынында эле берген болсо, анда Сариевдин башы кетет",- деди бүгүн, 24-мартта Бишкекте журналисттер менен жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев.

Президент "өкмөт Үңкүр-Тоону өзбек тарапка берип салды" деген маалымат жалган экенин белгиледи. "Аталган тоо талаш жерде жайгашкан. Албетте, мындай жерде талаштар болот. Өкмөттүн ошол аймакта дагы бир станцияны куруу планы - абдан жакшы демилге. Ошол станция аркылуу 150 миң адам телеберүү жана уюлдук байланыш менен камсыздалат",- деди Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев: “Биз согушту баштабайбыз, бирок жооп бергенге даярбыз”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан