ЭЛДИК КАБАР: Кара-Көлдө унаа көпүрөдөн дарыяга кулап, айдоочу каза тапты

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жеңил автоунаа Нарын дарыясына кулады. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Маалым болгондой, унаада үч адам болгон. "Айдоочу каза тапты, аман калган эки адам ооруканага жеткирилди. Алардын айтымдарында, айдоочу мас абалда болгон. Унаа катуу ылдамдыкта бара жатып көпүрөдөн дарыяга кулап түшүптүр",- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aitowa11
2016-03-25 19:05:59
Кырсык каш кабактын ортосунда. Жаткан жери жайлуу болсун
+5
jibew
2016-03-25 19:24:45
олукту машинадан чыгарбай эле эвакуаторго жуктоп жатышат го
0
Musabaeva.
2016-03-25 19:40:49
jibew,машинаны суудан чыгарып, анан соокту чыгарса кк да.Жаткан жери жайлуу болсун, жакындарына сабыр берсин,.
0
Komrad
2016-03-26 10:48:46
Караколдун ичинде нарын жок го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан