Бүгүн, 28-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге депутат шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Андагы маалыматта 6 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо КСДП, "Республика-Ата Журт" жана "Кыргызстан" партиялары жакшы жыйынтыкка жетишкени айтылат. БШК добуш берүүнүн пайыздык көрсөткүчтөрү расмий жыйынтык чыккандан кийин өзгөрүшү мүмкүн экенин, бирок акыркы жыйынтык азыркыдан олуттуу айырмаланбай турганын кабарлады. Шайлоо алдында "Республика - Ата Журт" партиясынан өзүнчө бөлүнүп Ош шаардык кеңешине шайлоого аттанган "Ата Журт" партиясы 7 пайыздык чекти басып өтө албай калганы белгилүү болду. Шайлоо алдында партиянын лидери Камчыбек Ташиев "партиядагы жаштардын өтүнүчү менен жергиликтүү кеңешке шайлоого өз алдыбызча аттандык" деп билдирген эле. Ири партиялардан "Ата Мекен" Ош шаардык кеңешинен орун ала албай калды. Алдын ала жыйынтык боюнча "Ата Мекен" Майлуу-Суу шаарынан гана 7 пайыздык чекти басып өттү.
Белгилей кетсек, 27-мартта өлкөдө 21 айылдык кеңештин, 6 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Шайлоодо акчага добуш сатып алуу аракеттери болгонун Ош шаардык милициясы маалымдап, катталган 9 факт боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди. Тийиштүү материалдар прокуратура органдарында... Коомчулукта шайлоонун таза өткөнүнө ишенгендер, ишенбегендер да бар.
Ош шаардык кеңешине мурунку шайлоодо "Улуттар биримдиги" партиясы 21 мандат, КСДП 11 мандат, "Республика" партиясы 8 мандат, "Адилеттүү Кыргызстан" партиясы 2 мандат, "Ата Мекен" партиясы 1 мандат, "Замандаш" партиясы 1 мандат, Кыргызстан элдик демократиялык партиясы 1 мандат алган. Ал эми Токмокто 28 пайыз добуш менен “Республика” партиясы, Караколдо 20 пайыз добуш менен КСДП алдынкы орундарды ээлеген.
Бүгүн өлкөнүн Аскердик сотунда 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяга карата ачылган кылмыш иши боюнча сот отуруму уланды. Мамлекеттик айыптоочу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурунку башчысы Мурат Суталиновдун күнөөсү толугу менен далилденгенин айтып, аны 20 жылга эркинен ажыратууну суранып жатат. Президент Бакиевдин катчылыгынын мурдагы башчысы Оксана Малеванаянын да күнөөсү далилденгени, ал боюнча биринчи инстанциянын чечимин (10 жылга эркинен ажыратуу) күчүндө калтырууну өтүндү.
Апрель окуясынын негизинде ачылган кылмыш иши 6 жылдан бери соңуна чыкпай келет. Айрым айыпталуучулар сыртынан кесилишкени маалым. Мисалы, 3 жыл мурун Максим Бакиевди Биринчи Май райондук соту 25 жылга эркинен ажыраткан. Сыртынан кесилди дегени эле болбосо, чөнтөгүн элдин акчасына толтуруп кетишкен Бакиевдер чет мамлекетте сайрандап эле жүрүшөт. Миллиондогон долларларга сатып алганы айтылган хан сарайларын чет элдик ММКлар буга чейин жарыялашкан. Алардын колун кайрып, өлкөгө алып келип түрмөгө отургузуу жолу азырынча табыла элек.
Бишкекте "Кумтөр" кениндеги экологиялык кырдаалга арналган парламенттик угуу өттү. Жыйында эксперт Рыскул Усубалиев "кендин аймагындагы Давыдов мөңгүсү үчкө бөлүнүп, кыйраган абалда турат" деп билдирүү жасады.
Кендин тегерегиндеги мөңгүлөрдү сактоо көйгөйү курчуп баратат. Өкмөттү колдогон эксперттер мөңгүлөр табигый шарттан улам эрип жатканын айтышканы менен, көз карандысыз адистер мөңгүлөрдүн ордунан сүрүлүшүн "Кумтөрдөгү" туура эмес иштерге байланыштырып келишет. Эске салсак, былтыр жайында Темир Сариев жетектеген өкмөт мүчөлөрү "Кумтөр" кениндеги мөңгүнү бузууга парламенттин макулдугун алууга катуу аракеттенишкен. Жогорку Кеңештин каникулга чейинки акыркы жыйынында өкмөт өкүлдөрү "Центеррага" мөңгүнү талкалап иштөөгө уруксат бербесек, кенди мөңгү басып калганы туру" дешип Суу кодексине тезинен өзгөртүү киргизүүнү сунушташкан. Бирок депутаттар колдобой коюшуп, документти өкмөт артка кайтарып алууга аргасыз болгон. Андан бери кенди мөңгү баспай эле иштеп жатат, демек, аталган мыйзамды кабыл алдырууга ошол маалда кызыкдар тараптар болгон...
Оппозиция 30-мартта Бишкекте митинг кыларын жарыялады. Чогулгандар Аксыдагы Үңкүр-Тоо маселесин Жогорку Кеңеште карап, элге так маалымат берүүнү талап кылышмакчы. Алар премьер-министр Темир Сариев тоого байланыштуу эки түрдүү протокол боюнча парламентте жооп бериши керектигин айтышууда.
Митингде социалдык маселелер, мамлекеттик чек арага тийиштүү көйгөйлөр, электр энергиясынын тарифтерин төмөндөтүү жана башка да маселелер каралмакчы. Эскерте кетсек, оппозициянын 24-мартта Ошто өткөрө турган митинги бир күн калганда токтотулган. Уюштуруучулар муну чек арадагы кырдаалга байланыштырышкан. Бул арада "оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү" делинген аудиожазуулар интернетке тарап, үч оппозиционер убактылуу камакка алынды...