"Өлкөдө төңкөрүш жасоону пландаган" деп айыпталып кармалган Эрнест Карыбеков 2016-жылдын 12-майына чейин СИЗОго отургузулду. Тиешелүү токтомду бүгүн, 27-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды. Карыбековдун адвокаты райондук соттун чечимине карата Бишкек шаардык сотуна даттанарын билдирди.
Айта кетсек, энергетика маселелери боюнча адис катары белгилүү Э.Карыбеков коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатат. Кечээ аталган сот "өлкөдө төңкөрүш жасоону пландашкан" деп айыпталган Кубанычбек Кадыровду жана Бектур Асановду 2016-жылдын 12-майына чейин Улуттук коопсуздук комитетинин СИЗОсуна отургузуу боюнча чечимин чыгарган.