Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2013-жылдын 29-мартында Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 1 жыл 6 айга, Талант Мамытовду 1 жылга кескен. Ал эми ошол эле жылдын 17-июнунда апелляциялык арызды кароодо Бишкек шаардык сотунун судьялары айыпталуучуларды сот залынан бошоткон. Бул актоону көп узабай Жогорку Сот жокко чыгарган. Акыркы инстанциядагы соттук чечим 6-августта угузулуп, анда Биринчи Май райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылган. Ошентип, үч депутат 20-августта БШК тарабынан мандатынан ажыратылган.
Эскерте кетсек, 2012-жылы 3-октябрда "Кумтөр" кенин улутташтыруу максатында тынч митинг өткөрүлүп, андагы аракеттери үчүн "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөдү" деп Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов камакка алынган.
29-марттын жылнаамасы.