Бүгүн, 29-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Кылмышка шектелип кармалган Бишкек шаардык Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева ооруканага түштү. ИИМдин Медициналык башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, катуу стресстин айынан анын мээсинде кан айлануу бузулган. Жанабаевага "ишемиялык инсульт" диагнозу коюлду. Пендечиликте "эч кимдин башына оору келбесин" деп айтууга милдеттүүбүз, бирок кыргыз коомчулугунда адатка айланып бараткан көрүнүш кайталанып отурат. Кылмышка шектелип кармалгандан кийин чиновниктердин көбү күтүүсүз ооруп калышат да, сурактан убактылуу алысташат... Мындайга коомчулук да көндү. Кайсы бир чиновниктин кармалганы жарыяланса "көрөсүңөр, жакында бул да оорулуу болуп чыгат..." деген маанайдагы пикирлер мөндүрдөй жаайт. Мындай пикирдин көптүгү кылмышка шектелген адамдын жазаланарына коомчулукта баштапкы ишеним начар экенин айгинелейт.
Аксыдагы Үңкүр-Тоого байланыштуу премьер-министр Темир Сариев өзүнүн таза экенин коомчулукка далилдей албай убара. Аталган тоо Өзбекстанга караштуу аймак деп көрсөтүлүп интернетке тараган документти "жасалма" деп билдирүүдө. Оппозиция өкүлдөрү протокол оригинал экенин, кыргыздын жерин башкаларга таандык деген токтом чыкканы чын экенин айтышууда. Өкмөт тараткан документте Үңкүр-Тоо "Өзбекстан менен чектеш жерде" деп көрсөтүлсө, оппозициянын колундагы документте тоо "Өзбекстандын аймагында" деп белгиленип турат. Документтин кайсынысы оригинал экени азырынча талаш. Коомчулукта Сариев жетектеген өкмөттүн маалыматына ишеним азыраак...
Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов элчиликтин 2015-жылы жасаган иштери тууралуу парламенттин тармактык комитетине отчёт берди. Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында элчилик тарабынан жасалган иштер айтылып, ага депутаттар жакшы баа беришти. Комитет мүчөлөрү элчинин активдүү иштеп жатканын мисалдар менен айтышып, алардын бири катары окуучулардын билим алууга шыгын күчөтүү максатында элчилик тарабынан уюштурулган дил баян сынагын белгилешти.
"Депутаттар элчинин ишине жакшы баа беришти. Айрыкча кыргыз өлкөсүн Малайзияда таанытуу, басма сөз жана коомчулук менен иштөө, мектеп окуучуларына стимул берүү багытында жасаган иштери депутаттарды канааттандырды",- деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев.
Белгилей кетсек, кабыл алынган эреже боюнча Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси кошумча Бруней, Индонезия, Таиланд өлкөлөрүндө да элчилик кызматты аткарышы керек. Ал үчүн аталган өлкөлөрдө аккредитациядан өтүшү кажет, бирок эмдигиче аккредитация боло элек. Бүгүнкү отчётто ошол иштин кечиктирилип жатышы тууралуу да талкуу болду. Комитет мүчөлөрү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге бул ишти эртелетүү тапшырмасын беришти.
Парламент депутаттары кыргыз-тажик чек арасына тийиштүү маселени талкуулашты. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитетинде Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимдин долбоору каралды. Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев менен Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев маалымат бермекчи. Талкууга журналисттер катыштырылган жок, жабык эшик артында өттү.
Жакында президент Алмазбек Атамбаев дагы кыргыз-тажик чек арасында жалпы тил табышуу болгонун журналисттер менен жолугушууда билдирген.