Жергиликтүү калк Аймактык өнүктүрүү фонддоруна долбоор жазуу татаал экенин билдирди

29-мартта Экономика министрлигинде “Аймактык өнүктүрүү фонддорунун учурдагы абалы жана келечеги” деген аталыштагы тегерек стол өттү. Иш-чара Экономика министрлигинин, Каржы министрлигинин, Жогорку Кеңештин, “Сорос-Кыргызстан” фондунун, Борбордук Азиядагы Евразия фондунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен уюштурулду.

Айта кетсек, учурда өлкө боюнча 27 региондо Аймактык өнүктүрүү фонддору түзүлүп, бирок алар толук кандуу ишин баштай элек. Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстар саясатынын жетекчиси Аскат Бековдун айтымында, аталган фонддор Ысык-Көл фондунан айырмаланып республикалык бюджет аркылуу каржыланат.

Тоо-кен иштеткен компаниялар тапкан кирешесинин 2 пайызын өздөрү жайгашкан аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн бөлүшөт. Бул каражаттын 20 пайызы жергиликтүү бюджетке, ал эми 80 пайызы райондорду жана облустарды өнүктүрүү фонддоруна жиберилет. Инфраструктураны жакшыртууга багытталган долбоорлорду айыл өкмөт башчылары кабыл алып, аны Каржы министрлигине жөнөтүшөт”,- деди Беков.

Тегерек столдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты жана мыйзам долбоорунун демилгечиси Исхак Пирматов 4 жыл мурун өзгөртүлүп түзүлгөн мыйзам иш жүзүндө иштебей жатканын айтты.

2012-жылы “Салыктык эмес төлөмдөр” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилип, Аймактык өнүктүрүү фонддору түзүлгөн. Башында алар бюджетке тиешеси жок, каржыланат деп демилгелешкен, бирок жыйынтыгында инвесторлордун акчасы республикалык бюджет аркылуу өтүп, аны Каржы министрлиги бөлүп бермей болууда.

Бул долбоор башында түзүлгөндө инвесторлор менен жергиликтүү калктын мамилесин жакшыртууга багытталган эле. Тилекке каршы, инвесторлор жыл сайын бөлгөн каражат тиешелүү жакка жумшалган жок. Анткени көп барактуу жана түшүнүксүз жазылган типтүү жоболорду айыл өкмөт башчыларынын бир-экөөсү гана араң түшүнүп жатат. Ушул нерсени өтө чакан кылып, элге түшүнүктүү тил менен жеткирсе болмок. Мунун айынан аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор жазылбай жатат”,- дейт эл өкүлү.

Тегерек столдо Аймактык өнүктүрүү фонддорунун ишине бир катар маселелер тоскоолдук жаратып жатканын Борбордук Азиядагы Евразия фондунун өкүлү Назгүл Аксариева белгиледи.

Биз “Сорос-Кыргызстан” фондунун каржылоосу менен Ала-Бука, Чаткал жана Тогуз-Торо райондорунда жергиликтүү калктын буга байланыштуу оюн угуп, атайын анализ жүргүздүк. Анда мындай суроолор жаралды. Тоо-кен иштеткен компания бир нече айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан маалда алардын бөлгөн акчасы бир гана айыл өкмөткө которулуп, калгандары каржыланбай калган. Мындан улам акча бөлүнбөй калган айылдардын тургундары буга нааразы экендиктерин билдиришти.

Дагы бир маселе: Аймактык өнүктүү фонддорунун жетекчилери акимдер болгондуктан, типтүү жобого ылайык, алар өздөрү долбоор жазып бере алышпайт. Мындан улам алар райондук деңгээлде оорукана, жол жана башка инфраструктура маселелерин чечүү үчүн аталган фонддон каржы бөлө алышпай калышат. Үчүнчүдөн, кирешесинин бир бөлүгүн берип жаткан инвесторлор эртеңки күнү жергиликтүү калктын аларга каршы чыгып, жумушуна тоскоолдук жаратпашына кепилдик сурашат. Ушул сыяктуу суроолор өтө көп.

Белгилеп кетсем, биздин фонд 127 мамлекеттик кызматкерге жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө долбоорлорду кантип жазуу боюнча атайын тренингдерди өткөрдү”,- деди Аксариева.

Тегерек столдун жыйынтыгы менен Аймактык өнүктүү фонддору боюнча иш алып барган Экономика министрлигине типтүү жоболорду өзгөртүү боюнча тийиштүү сунуштар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан