Сокулук районунун тургуну мас абалында 4 жаштагы кызын сабап салганын кыздын апасы Индира айым 30-мартта SUPER.KG'ге билдирди. Индира айым жолдошунун үстүнөн даттанып, Сокулук райондук милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылганын айтты.
"Жолдошумдун үстүнөн милицияга арыз жаздым, ал дагы кызым тарткан азапты тартсын. Менин биринчи жолдошумдан эки, экинчи жолдошумдан 3 балам бар. Азыркы жолдошумдан төрөгөн улуу балам 5ке, андан кийинки кызым 4кө, кенже кызым 1,5 жашка чыкты.
Мен жумуштан келсем, 4 жаштагы кызымды атасы мас абалында табарсыкка катуу нерсе менен чапканбы же тепкенби, көгөрүп калыптыр. Кызымды соттук-медициналык экспертизадан өткөрөм, дарыларына кеткен чыгымды төлөп берсин",- деди ал.
Бул учурда 4 жаштагы наристе өзү да кепке аралашып: "Атам мени урду, башым ооруп жатат",- деп айтып берди.
Милиция бөлүмүндө жолдошу суракка алынып, андан соң үйүнө коё берилди. Милиция бөлүмүнөн: "Ишти кароо үчүн алгач соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы керек",- деп жооп кылды.