Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылдын 31-мартында саат 18-19 чамасында ырчы, телеалпаруучу жана шоумен Микаэль киши колдуу болуп, тагыраак айтканда, 22 жолу бычак сайылып өз үйүндө өлтүрүлгөн. Кошуналарынын айтымында, Микаэлдин жардам сурап кыйкырган үнү угулган. Ал эми каргашалуу окуя болгон жерге баргандар подъезддин ичи кан экенин, бирок маркумдун денеси үйдө жатканын айтышкан. 2010-жылы 24-майда кылмышка шектүү катары жакын досу Эркин Турусбеков кармалып, 2012-жылы март айында акталган.
31-марттын жылнаамасы.