ЖЫЛНААМА, 31-март: Мындан 115 жыл мурун Германияда "Mercedes-Benz" фирмасынын алгачкы автомобили чыккан

Мерседес - кыздын ысымы. Мария Де Лас Мерседестин атынан келип чыккан. Которгондо "боорукер" деген түшүнүктү берет. Бул ысымдын темир затка коюлуп калуусуна Эмил Эллинек аттуу кишинин таасири чоң. Эллинек ысымды он жаштагы кызынын атынан ыйгарган.
1890-жылы Мерседес-Бенц машинасынын негиздөөчүсү Готлиб Даймлер өз устаканасын ачкан. Бул жайда өзү жүрө турган темир тулпарларды чыгарууну максат кылып, машинанын чыгуусуна чоң салымын кошкон Вильгельм Майбах аттуу устаны өз колуна алып, бирге иш алып барган. Мезгилдин өтүшү менен кичинекей устакана "Даймлер Моторен Гезелльшафт" деген ири компанияга айланган. Алгач ишкана жерде, сууда жана абада жүрүүчү техникалардын кыймылдаткычын чыгаруудан баштаган. Компаниянын андан ары өнүгүп кетүүсүнө Австрия-Венгрия империясынын консулу Эмил Эллинек чоң көмөк берген. Жогоруда айтылгандай, машинага кыздын аты коюлушуна да Эллинектин заводго көрсөткөн акчалай жактан колдоосу чоң роль ойногон.
1899-жылы Вильгельм Майбах бир топ жетишпегендиктери менен төрт цилиндрлүү Феникс Даймлер машинасын чыгарат. Машина эл күткөн жыйынтыкты бербей, көптөгөн техникалык азаптардын айынан кайрадан иштелип чыгууга жөнөтүлөт.
1901-жылы машина толугу менен иштелип чыккан соң Мерседес аты тартууланат. Ошондон тартып Мерседес машиналары чыгарыла баштаган. Эң биринчи үлгү болуп Мерседес 35Р5 чыгарылган. Так ушул машина кезекте чыгарыла турган машиналардын алгачкысы болуп калган.
1902-жылы Мерседес Симплекс 40|45PS жана 60PS үлгүлөрү чыгарылган. 60PS үлгүдөгү машина жакшы натыйжа берип, саатына 90 км ылдамдыкта жүргөн.
1921-22-жылдары Готлиб Даймлердин баласы Пауль Даймлер атасы калтырган мурасты өнүктүрүү ниетинде 2В\95PS үлгүсүндөгү алты цилиндрлүү машина чыгарып, ылдамдыкты дагы бир жарым эсеге өстүргөн. Кийинки жылы заводго жаңы орношкон инженер Фердинанд Порше 2614 см/куб көлөмүндөгү моторлуу 24|100|140PS үлгүдөгү алты цилиндрлүү машиналарды чыгарган. Фердинанд Поршенин келүүсү менен компания бир топ ийгиликтерге жеткен.
1926-жылы Мерседестин тарыхында чоң жетишкендик болгон, себеби эки ири фирма: Даймлер менен Бенц кошулуп, анын башчылыгына Фердинанд Порше дайындалган. Эки компаниянын кошулуусу жакшы натыйжа берип, 1930-жылы сегиз цилиндрлүү Мерседес-Бенц 770 машинасы чыгарылып, көлөмү жагынан эң чоң машина болуп калган. Мерседес-Бенц машинасы да өнүгүп отуруп, азыркы учурда C180K, C230, C200K Eleganse, ML350, R350, E500 4MATIC ж.б. көптөгөн моделдерин чыгарууда.
31-марттын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
BARSBEK.KG
2016-03-31 15:40:56
Кызыктуу экен мерс 124 Е 500 легенда волчонок
0
KursKG
2016-03-31 16:05:23
Mercedes-Benz алгачкы чыккан машинасы менин туулган кунумдун датасы экен.

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан