Муунтулуп өлтүрүлгөн 7 жашар Даниэлдин апасы Астра Макелеева баласын өлтүргөн аялдын 25 жыл эмес, өмүр бою эркинен ажыратылышын каалагандыгын 1-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.
"Менин уулумду кыйнап өлтүргөн Майрам Акунованын өмүр бою эркинен ажыратылышын каалагам. Судья бүгүн аны 25 жылга эркинен ажыратты. Мен бул боюнча эч жакка кайрылбайм. Баламды жоготкондон бери эч нерсеге көңүлүм жок",- деди көз жашын төккөн Макелеева.
Бүгүн, 1-апрелде Биринчи Май райондук соту айыпталуучу Майрам Акунованы күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратып, "А.Макелеевага моралдык жана материалдык чыгымдарына 500 миң сом өндүрүлсүн" деген өкүм чыгарды.
Өкүм чыкканга чейин сот залында Акунова өзүнүн курсагын лезвие менен кескилеп салды.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми бала дарыдан эмес, муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.