Бүгүн, 1-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 1-класстын окуучусу Даниэлдин өлтүрүлүшү боюнча үчүнчү соттук кароо 1 сааттык кечигүү менен башталды. Соттук кароо башталып, айыпталуучу Майрам Акуновага акыркы сөз берилген учурда ал өзүн өлтүрүүгө аракет кылып, курсагын кескилеп салды.
Ал өз сөзүндө "мен актанганым менен мени эч ким актабайт, мен азыр өзүмдү өлтүрүүгө да даярмын", деп күрмөсүнүн жеңинен чыгарган лезвие менен курсагын бир нече жолу тилип салды. Залда ызы-чуу башталып, курсагы канжалаган айыпталуучуну залдан чыгарып кетишти.
Айыпталуучунун жактоочусу соттук кароо кечигип жаткандыгына байланыштуу кетип калганы маалым болду. Ал эми сот ишине төрагалык кылуучу судья учурда кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кетти.
Өткөн соттук отурумда прокурор айыпталуучунун күнөөсү толугу менен далилденгенин баса белгилеп, аны 25 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн болчу. Ал эми жабырлануучу А.Макелеева бул чечимге макул болбой айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.
Эске салсак, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми бала дарыдан эмес, муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.