КҮНСЕРЕП: Үңкүр-Тоо чатагын бийлик Бакиевге шылтаганы турабы?

Бүгүн, 6-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үңкүр-Тоону Өзбекстандын аймагы катары таанууга 2006-жылы качкын президент Курманбек Бакиев макулдук бергени тууралуу маалымат тарады. Аталган тоо боюнча 1925-жылдан бери өлкөлөр ортосунда 4 жолу такташуу болгону, эки мамлекеттин өкмөттөр аралык комиссиясынын акыркы жыйыны (азыркы бийликтин тушундагы комиссияны кошпогондо) 2006-жылдын 23-сентябрында Ташкентте өтүп, тийиштүү протокол кабыл алынганы айтылат маалыматта. Отурумдун протоколу делген документтер жарыяланды.

Документте Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагында экени белгиленип, ал өзбекче Унгар-Тепа деп аталганы көрсөтүлөт. Кагаздарга жооптуу адамдардын колу коюлганын да көрүүгө болот. Бирок документтер кайсы расмий орган аркылуу интернетке таратылганы айтылбады. Андыктан бул документтерди ишенимдүү маалымат катары кабыл алуу мүмкүн эмес. Коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруу аракетине окшошуп турат. Аксынын жергиликтүү депутаттары жарыялаган өкмөттүн Үңкүр-Тоо боюнча протоколун алгач "жасалма" документ дешти эле. Эми интернетке "Бакиев берип койгон" маанисинде маалымат таратылды. Бул айла кеткендеги жан талашуу эмеспи? Кемчилик, катачылыктардын баарын 6 жыл өткөнүнө карабай Бакиевге шылтоо тенденциясы дале күчүндө. Эл оозундагы бир уламыш эске түшөт...

Бир күнү аскердик бөлүктүн командири иштен айдалат. Командир кетип жатып ордуна жаңы дайындалган командирге: "Бир жыл күт, эгерде ишиң начарлап таптакыр болбой баратса, сейфти ач. Үч конверт калтырдым, аларды кезеги менен ачып, анда жазылгандарга жараша аракет кыл",- деп кеңешин берет.

Жыл өтөт, жаңы командирдин ишинде баш аламандык... Жетекчилиги чакырып, андан иштин артка кеткен себеби тууралуу рапорт берүүсүн талап кылат. Кыйналган командир сейфтеги биринчи конвертти ачып, "баарын мага шылтап кой" деген жазууну көрөт. Дымагы көтөрүлө түшкөн командир эртеси жетекчисине "баарына мурунку командир күнөөлүү, тартипке келтирүүгө убактым жетишпеди" деп кутулат. Бир жылдан кийин командирдин ишинин ашмалтайы чыгып, жетекчиге дагы рапорт берүүгө туура келет. Сейфтен экинчи конвертти ачса, "жаш экениңе жана тажрыйбаңдын жетишсиздигине шылта" деген жазуу болот. Эртеси жетекчисине "тажрыйбам аз болгондуктан, ишти жөнгө сала албадым" деп кырдаалдан чыгат. Дагы бир жылдан кийин ишин эптей албай калган командир рапорт бериши керек болуп, үчүнчү конвертти ачып, "Сен дагы үч конверт даярдай бер!" деген жазууну көрөт...

Кыргыз Республикасынын "командирлери" 3 эмес, далай конверт жыртышты... Эгерде "Үңкүр-Тоо чырына Бакиевдер күнөөлүү" деген маалымат өлкөнү жетектеп тургандар тарабынан жарыяланып жаткан болсо, анда азыркылардын сейфинде абал жакшы эмес. Оппозиция жарыялаган протоколду "жасалма" деп өкмөт актанып жаткан маалда бул документтер эмне үчүн жарыяланган эмес? Азырынча текшерүү жүрүп жатканы үчүн тоо маселеси тынчый түштү. Эгерде Аксынын аймагындагы тоону өкмөт жең ичинен "соодалап" жиберген болсо, анда азыркылардын да 3 конверт даярдай турган күнү жакындап калган сыяктуу...

Өкмөттүн жетекчиси Темир Сариев "мыйзамсыз тендер өткөрүүгө катыштыгы бар" деп айыпталууда. Тагылган айып абдан олуттуу, болгондо да аны катардагы кызматкер эмес, тендерди өткөргөн Транспорт жана коммуникация министрлигинин башчысы айтып чыкты. Балыкчы - Корумду жана Бишкек - “Манас” аэропорту унаа жолдорунун курулушунда тендерден кытайлык компаниянын жеңип чыгуусунда Сариев жеке кызыкчылыгын көздөгөнү айтылып жатат. Мыйзамсыз иштерди бүтүрүүгө көмөктөшкөн делинип премьер-министрдин жардамчысы менен аталган министрдин орун басарынын аты аталууда. Өкмөт башчынын тагдыры кылдын учунда туру. Жолдун курулушундагы мыйзамсыз иштерди иликтеген депутаттык комиссия өкмөт башчынын отставкасын талап кыларын жарыялады.

Бүгүнкү күндүн жаңылыктарына көз жүгүрткөн адамда дароо эле "Бишкек ушунчалык криминалдашып кеттиби?" деген суроо жаралат. Жөн жерден эмес, анткени акыркы мезгилде адамдын үрөйүн учурган фактылар биринин артынан экинчи, үчүнчүсү кайталанып жатат. Бишкекте кечээ эки адамга ок чыгарып качып кеткендер табылбай жатат. Чүй - Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жөө бараткан эки жаранды автоунаа менен келип аткылашкан. Бирөөсү качып кетүүгө үлгүрсө, экинчисине ок тийип учурда ооруканада жатат. Ок тийген жаран кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү экени айтылууда. Демек, окуянын криминалдык дүйнө менен байланышы бар...

Баш калаанын ашкере криминалдашып баратканына дагы бир мисал. 6-апрелге караган түнү шаардын Шопоков - Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен 25 жаштагы жаранды белгисиз бирөөлөр бычактап кетишти. Такталбаган маалыматтар боюнча, кылмышка шектелип 8 жаран кармалды. Бишкек милициясы бул боюнча так жооп айтуудан качууда.

2010-жылкы "өлкөнү криминалдан тазалайбыз, кылмыштуулуктун тамырына балта чабабыз" деген убадалар азырынча сөз бойдон калууда. Милицияга ишеним аз, жарандардын ээн-эркин көчөдө жүрүүсүнүн өзү кооптуу болуп, коркунучтуу фактылар күн санап өсүүдө. Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин кылмыштуулукка каршы кескин чараларынан дайын жок. Мындай шартта өзүн сыйлаган өлкөлөрдүн жооптуу кызматтагы адамдары кызматтан кетишет. Бир шаарда тартип орното албай айласы кеткен ИИМдин жетекчилигине качан чара көрүлөт?

Жакында Аксыда бийлик башындагыларды ачык сындаган активист Шекербек Камчыбек уулунун оозун жабууга "каралар" колдонулганы тууралуу маалымат бийликтин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү ураанына көлөкө түшүрдү. "Алмаз аттуу жергиликтүү "кримавторитет" "өлтүрүп кетем" деп коркутту, бир нече жолу телефон чалып тынч жүрүшүм керектигин айтты" деген активист бул иштин артында район акими Медет Айдаралиев турарын айтууда. Күтүлгөндөй эле аким "каралар" менен байланышы жок экенин билдирди. Бийликтин кемчилигин айткандарды кылмыштуу чөйрөнүн чеңгелине салып берүү аракеттери жасалган болсо жакшылыкка алып барбайт.

Бишкектин жаңы мэри Албек Ибраимов тегерегин тазалай баштады. Кечээ шаардын вице-мэри Замирбек Малабеков арызын жазып кызматтан кетти. Бул вице-мэр азыркы шаар башчысы менен же, тескерисинче, мэр аталган орун басары менен иштешкиси келбегенин билдирет. КСДПнын тикелей колдоосу менен мэр болгон Кубанычбек Кулматовго да убагында кадрдык маселеде эркиндик, мүмкүнчүлүк берилген. Жогору жактын колдоосу менен шаар башчылыгына келген Албек Ибраимовго да өз командасын алып келүүгө мүмкүнчүлүк берилген өңдүү. Эми шаар башчысы өзүнө ыңгайлуу, тескери сүйлөп түйшүк жаратпай тургандарды орун басарлыгына дайындайт да ишин улантат... Алдыда президенттик шайлоо. Максатка жетүү үчүн ишенимдүү команда керек да.

Бийлик 7-апрелди шашылыш түрдө дем алыш күн деп жарыялады. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-апрелде “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРнын Эмгек кодексине жана “7-Апрель – Элдик Апрель революциясы күнү жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Президент чукул сунуштап, тийиштүү мыйзамды өкмөт менен Жогорку Кеңеш тез арада токтоосуз кабыл алып берди. 7-апрель датасына артыкчылык берүү боюнча президенттин демилгесин тармактык комитет 5-апрелде карап жактырса, 6-апрелде Жогорку Кеңеш дароо 3 окууда кабыл алып берди. Президенттик аппараттын билдиришинче, мыйзам дароо күчүнө кирет. Өлкөдө эртең дем алыш болору күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (74)
Istina1000
2016-04-07 04:21:20
Ээ кыргызым, бул бийлик кайсы тунгуюкка алып барып тыгат сени? Кенинди сатса, жеринди сатса, эртен элдин озун сатып жиберээри анык. Келгилечи, кудайдан тилеп бир батаа кылалычы: "Ылайым, ушуларды, карыш жер учун кытай-манжуу менен тирешкен, керек болсо, ооо Бээжинге чейин кууп жеткирген, Манас атабыздын арбагы урсун!". Манас атабыз бизге абдан керек да ушул кундору.....
+1
KursKG
2016-04-07 04:48:52
Жерин саткан, энесин сатканга барабар, кайра Кыргызстандын коншу мамлекеттерге СССР убагында отуп кеткен жерлерди кайра алганга аракет кылыш керек, "Жери байдын-эли бай"-дейт.
+2
leonar
2016-04-07 06:49:49
Азаматсынар супер-инфо,окуп тан калдым, коркпой жазганынарга!
+4
aikokul14
2016-04-07 07:57:25
Абдылда куудул айткандай,чонураак туалетке барса дагы Бакиев куноолуу....
+7
kaidiger
2016-04-07 08:23:43
Супер инфо бугун силер мени тан калдырдынар мен силерди мамлекетке коз каранды дечу элем ишинерге ийгилик эч ким бут тоспосо экен силерге
+3
koionik
2016-04-07 08:32:01
Аллахым озу сактасын
+1
alhamdulillah
2016-04-07 08:38:09
Озу элим жерим деген адамдар бар бекен деги Аллахтан корксонор болот байлыкты горуно алып кетпейсинер эй окмот башчылар депутаттар.
+1
sher.ella
2016-04-07 08:48:51
Бакиевдин кулактары раса кызып жаткан болсо керек
+1
Marat-m
2016-04-07 08:50:47
Колтуктун жунун сатканга аз эле
убакыт калганго э туугандар
+1
Mystery
2016-04-08 04:31:17
Marat-m,колтуктун жунун ким алмак эле? Кыргызстандын коп эле жерлерин сатып жиберишти, просто мурда эл каттабаган, барбаган жерлерди билинбечу. Ичин куйот.
0
KEKE
2016-04-07 09:42:45
Бийликтин куну бутоордо оппозиция кобойот Баары оппозиционер
+1
modern-group
2016-04-07 09:44:23
в политике нет вечных друзей , нет вечных врагов дегендей бир кун келип акаев ,бакиев, атамбаев бир дасторкондон чай ичкенде кантеер экенсинер?
+1
talant87
2016-04-07 10:13:37
Акаев же Бакиев Отунбаева Атамбайев берседа ал биздин жер дешинер керек азыпкы бийлик
0
admin_portal
2016-04-07 10:14:54
saku00, коомдук этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
0
admin_portal
2016-04-07 10:37:10
elgiz0890, жеке билдирүүнү купуя менен!
0
nurochka
2016-04-07 12:11:00
Uiatko deim bawynarga awykcha jun chyksada Bakiev kunoolu dep
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан