"Үңкүр-Тоо маселеси боюнча же өкмөт, же Кербен шаардык кеңешинин депутаттары туура". Мындай пикирин бүгүн, 31-мартта SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Рада Түмөнбаева билдирди.
Анын айтымында, Кербендин депутаттары кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш аймакта жайгашкан Үңкүр-Тоо тууралуу өкмөттүн протоколунун көчүрмөсүн жана шаардык кеңештин токтомун пакетке салып алып келишти.
"Аталган тоо жергиликтүү эл арасында Үңкүр-Тоо эмес, Унгар-Тоо деп айтылат. Аксыда Унгар-Тоо эң негизги стратегиялык объект болуп эсептелинет. Ошол тоодогу станция 150 миңге жакын жашоочуну телефон байланышы жана телеберүү менен камсыздайт. Бүгүнкү күндө эл астында көптөгөн түшүнүксүз иш-аракеттер болуп жатат.
Негизи, чуу жараткан протоколдо "тоо Өзбекстандын аймагына өттү" деп эмес, "Өзбекстандын аймагындагы радиорелейлик станция" деп жазылып турат. Өкмөттүн ушул протоколу биздин Кербен шаарынын депутаттарына 18-мартта таркатылып берилген. 23-мартта шаардык кеңештин кезексиз сессиясы чакырылып, протокол каралып, "негизин аныктап бериңиздер" деген токтом чыгарылган",- деп түшүндүрдү Түмөнбаева.
"Азыркы тапта прокуратура жана укук коргоо органдары бул маселе боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатышат. Жыйынтык 20-апрелде чыкмакчы. Аталган документ Кербендин депутаттарына шек келтирип жатат. Демек, же өкмөт туура, же Кербен шаарынын депутаттары туура",- деди депутат.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети тарабынан Башкы прокуратурага төмөнкү тапшырмалар сунушталган: