Бүгүн, 8-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Чоң-Сай айылынын тургундары Өзбекстандын кысымында калуу коркунучу жаралганын айтышууда. Жергиликтүү тургундар такталбаган аймакка өзбек тарап жол куруу менен айылга жакындап калганын айтышып, жогору жактан чара көрүүнү талап кылышууда. Бирок маалыматты кыргыз өкмөтү четке кагып, такталбаган жерде эч кандай жолдун курулушу жоктугун маалымдады. Маалыматтарга таянсак, кыргыз айылы менен чектешкен тилкеде жолдун курулушу мурун эле башталып, кайра токтоп калган. Акыркы күндөрү курулуш иштери жанданганы айтылып жатат.
Көк-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Сай айылынын башчысы Өскөн Үрүстөмов SUPER.KG порталына буларды билдирди:
"Өзбекстан жакында жолдун курулушун баштап жиберген, кайра токтотту. Курулуп жаткан жолдун биздин айылга жетерине 500 метрдей эле калды. Эгерде алардын жолу биздин айылыбыздагы жолго чейин жетчү болсо, анда айылыбыз курчоодо калат. Район борбору менен байланышкан жолубуз буулуп калышы мүмкүн. Өткөндөгү Аксыдагыдай кырдаал түзүлүп калабы деп кооптонуп турабыз. Район акими келип айылдын жашоочулары менен сүйлөшүп, маселе тынчтык жолу менен чечилерин айтып кетти".
Кандай болгон күндө да бийлик жерди сактап калат деп ишенип туралы. Президент Алмазбек Атамбаев айткандай, эч бир аткаминердин эки башы жок.
Талас облустук соту "жаш кызды зордуктады" деп айыпталган жаранды үй камагына бошотуп жибергенине жабырлануучу тарап нааразы болууда. Сот чечимине макул эместигин жабырлануучунун эжеси Рахима Айкымбаева 8-апрелде айтып чыгып, бул маселеде Жогорку Соттон адилеттүү чечим күтөрүн билдирди.
“Бакай-Ата районунда 15 жаштагы окуучу кызды зордуктап келген Эрлан Дөлөновду облустук сот үй камагына бошотуп жиберди. Бул эмне деген акыйкатсыздык? Жогорку Сотко кайрылдык, эгерде алар да акыйкат жыйынтык чыгарбаса, ал адамды өзүбүз жазалоого туура келет",- дейт Айкымбаева.
Өлкөдө соттордун, прокуратура, милициядагы тергөө жыйынтыктарындагы мүчүлүштүктөрдүн, аларга карата нааразычылыктардын айынан өз алдынча жазалоо көрүнүшү көбөйүүдө. Цивилизациялуу укуктук мамлекетте мындай тенденциянын өрчүшү кооптуу көрсөткүч. 2014-жылы Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза болгон Айбек Мамбеталиев аттуу жарандын жакындарынын аракети буга мисал.
2014-жылдын 20-февралында Мамбеталиевдин жакындары сот отурумунда жаңжал чыгарышып, айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерин сотко жеткирбей жазалашкан. Бирөөсүн катуу сабашса, экинчисин Жумгал суусуна ыргытып жиберишкен. Ал эми үчүнчүсүн милиция кызматкерлери аман алып калышкан. Чуунун себеби - жабырлануучу тараптын сунушунан баш тартып, айыпталуучу тараптын суранычын райондук соттун аткарышы.
Кыргыз мамлекетинин тарыхында соттордун адилетсиз чечимдери элдин аң-сезимине биротоло сиңип калган. Ушундай жагдай дагы жарандарды жогорудагыдай кескин чараларга түртүп жатат. Соттор жеке кызыкчылыктарга азгырылбай өздөрүнүн түздөн-түз милдетин так аткарганда, балким, мындай окуялар азаймак...
Кыргыз спортчулары сууда сүзүү боюнча Дубайда өтүп жаткан эл аралык мелдеште 11 медаль тагынышты. Аталган спорт түрү боюнча федерациянын билдиришинче, "Dubai International Aquatic Championship-2016" деп аталган мелдеште спортчуларыбыз жалпысынан 3 алтын, 7 күмүш жана 1 коло медаль тагынышты. Акыркы жылдары кыргыз мамлекетинин спортчулары өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн бекемдөөгө салым кошуп жатышат. Спортту өнүктүрүүгө өкмөттөн миллиарддаган сомдор бөлүнбөгөнүнө карабай жакшы жетишкендиктер аз эмес. Айрыкча күрөш, футбол, бильярд сындуу спорт түрлөрү боюнча. Жогору жактан жакшылап колдоо көрсөтүлсө, спортчулар тармакта секирик жасай тургандары талашсыз...