Москва шаарындагы соода борборлорунун биринде кыргыз жеринде өндүрүлгөн айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жана кийим-кечелердин көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман кабарлады.
"Көргөзмөгө отуздан ашуун кыргызстандык ишкана катышып, коноктордун назарына өздөрү өстүргөн продукцияларды жана кийим-кечелерди койду. Ушул сыяктуу көргөзмөлөр көп уюштурулса, кыргыз өндүрүүчүлөрү үчүн жакшы өбөлгө түзүлмөк",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.