Бишкекте "милиция кызматкери медицина кызматкерин ооруп жаткан баласына шалаакылык менен мамиле жасагандыгы үчүн сабап койгон экен" деп Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев 12-апрелде билдирди.
Маалым болгондой, 11-апрелде "3-шаардык балдар ооруканасында милиция кызматкери аталган оорукананын кызматкерин сабап салды" деген маалымат 102 кызматына түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда наристенин атасы дарыгерлер баласына шалаакылык менен мамиле жасагандыгы үчүн аны жулкулдатып койгондугун билдирген. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул факт майда бейбаштыкка киргендиктен, милиция кызматкерине чара колдонула элек.